Развития государственного языка
Илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү
Илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү
Үстүбүздөгү 2025-жылдын, 12-декабры жума күнү И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын чогулуш залында «Заманбап билим берүү системасы, инновациялар жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу» 12-эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция онлайн жана оффлайн форматында болуп өттү.
Аталган конференцияны И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын директору т.и.д., профессор Тургунбаев Мелисбек Сыдырабаевич расмий түрдө ачып, башка окуу жайлардын келип катышкан конокторго, студенттерге жана иш берүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.
Андан ары иш-чара Тоо-Кен, нефтьгаз, транспорт, экономика багытындагы иш берүүчүлөр жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын уюштуруу жана социалдык иштер боюнча башкы адиси Ашим кызы Каныкей, Фергана агрардык тамак-аш технологиялар жана инженердик университетинин э.и.д., профессор Курпаянидин Константин Иванович жана онлайн форматында КузМТУ т.и.д., доцент Кузин Евгений Геннадьевич катышышты.
Келишкен коноктор И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Заманбап билим берүү, инновациялар жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу» 12-эл аралык студенттик илимий-практикалык конференциясынын максаты туруктуу жана эки элдин ортосундагы достукту өнүктүрүү аркылуу билим сапатын жогорулатуудагы негизги булак экендигине токтолушуп, иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөз сүйлөштү.
Аталган конференциянын алкагында т.и.д., профессор Назырова Рахнамахон Мухторовна тарабынан ФМТУ «Өзбекстанда айыл чарбасын абалы жана өнүгүү перспективалары» боюнча; т.и.д., профессор Тургунбаев Мелисбек Сыдырабаевич жана ага окутуучу Курбанова Чынара Акжолова тарабынан «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу катары санитардык билим берүү платформаларын киргизүү» тууралуу; И. Раззаков атындагы КГТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Шамиев Орбунбай Шамшиевич тарабынан «Кыргызстандагы ар кыл тармактарда өнүктүрүүдө геологиянын ролу жана кадрларды даярдоо» боюнча; И. Раззаков атындагы КГТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын окутуучусу Исмаилова Ибадат Мусаевна тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»; Ч. Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылышы тууралуу, «актуалдуу маселелерди чагылдырган илимий баяндамалар окулуп катышуучулардын кызыгуусун арттырды.
Пленардык отурумдан кийин илимий багыттар боюнча 3 секцияга бөлүндү. Андагы конференцияга жалпысы болуп 53 студент, анын ичинен И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын, Фергана техникалык университетинин, Фергана агрардык тамак-аш институтунун жана Казакстандан «Казахмыс» корпорациясынын Технологиялык колледжинин студенттери катышышты.
Секция баяндамалары боюнча жалпы маалымат берүү менен, арасынан «мыкты» деп табылган илимий макалалары белгиленип, аларга келечекте алдыга койгон асыл максаттарга жетишине тилектештик билдирилип, илимий багытта ийгиликтерди каалашты. Иш-чаранын соңунда сунуш-пикирлерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды.
Жыйынтыгында маданий программа тартууланып, катышуучуларга сертификат, жетекчилерге жана катышкан окуу жайларга «ыраазычылык каттар» тапшырылды.
Конференциянын соңунда И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын директору т.и.д., профессор Мелисбек Тургунбаев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө 12-декабрь күнү болуп өткөн «Заманбап билим берүү системасы, инновациялар жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу» 12-эл аралык студенттик илимий-практикалык конференциянын жүрүшү студенттер үчүн өтө кызыктуу болгонун токтолуп, учурдагы талапка жооп берген актуалдуу илимий-практикалык темалардын камтылганына токтолду.
Ошону менен катары, онлайн жана оффлайн форматындагы иш-чаранын жалпы катышуучуларына коңшулаш Өзбекстандан келген меймандарга И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын жамаатына жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, мындан ары илимий багыттагы конференциялардын алкагында студенттердин сапаттуу билим алышына мүмкүнчүлүктөр бар экендигин жана эл аралык тажрыйба алмашуунун жана берүүнүн баса белгилеп, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.
“Мезгил пресс”.
Сырт кабарчы: И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адиси Толкунжан кызы Өмүркан.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгынын негизинде И. Раззаков атындагы КМТУнун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалында 2025-жылдын 23-сентябрда Кыргыз тили жумалыгы өткөрүлдү
https://www.instagram.com/p/CxsIuAeIHIP/?igshid=MTRhZmU1ODE2NA==
Кыргыз тили майрамына карата студенттердин чыгарган дубал газеталары
https://www.instagram.com/p/CxxO-JWIJIP/?igshid=MTRhZmU1ODE2NA==
23- сентябрь –мамлекеттик тил күнү
2023-жылдын 22-сентябрында Кызыл –Кыя шаарындагы филиалы И. Раззаков атындагы КМТУда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын
34 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага университеттин мугалимдери, студенттери активдүү катышты.
https://www.instagram.com/reel/C0wok0XtRtZ/?igshid=MTRhZmU1ODE2NA==
12-декабрь Адабият күнү.
Тил жана Айтматов ааламы
12-декабрь — Адабият жана Чыңгыз Айтматов күнүнө карата филиалыбызда “Айтматов ааламы аттуу” атайын маданий-агартуучулук иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын кеңири таанытуу, студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана руханий-эстетикалык тарбия берүү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча илимий баяндамалар жасалып, анын чыгармаларынан көркөм окуу жана кыскачы көрүнүштөр сахналаштырылды. Студенттер жазуучунун чыгармаларындагы философиялык ой-туюмдар, адамдык баалуулуктар жана коомдук маселелер тууралуу пикир алышты.
Бул иш-чара студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга, кыргыз адабиятынын улуу өкүлдөрүн урматтоого жана улуттук маданий мурастарды сактоого багытталды.
Кызыл_Кыя шаардык коомдук-саясий гезити
Илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

