“Кадрлар индустриясы” жеңил өнөр жай окуу борбору

“Кадрлар индустриясы” жеңил өнөр жай окуу борбору

 

Жогорку технологиялуу «Кадрлар индустриясы» жеңил өнөр жай боюнча окуу борбору, жеңил өнөр жай тармагынын түз муктаждыктарына жооп берүү үчүн түзүлгөн. Ал Глобалдык текстиль жана тигүү программасынын (GTEX) техникалык колдоосу менен ишке ашырылып, Эл аралык Соода Борбору (ITC) тарабынан жүргүзүлүп, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Окуу борборунда жеңил өнөр жай кызматкерлери үчүн кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул процессте эң жаңы технологиялар жана заманбап окутуу ыкмалары колдонулат.

Борбор бардык каалоочуларга төмөнкү билим берүү программалары боюнча окуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт:

  1. Кийимди компьютердик долбоорлоо боюнча конструктор–оператор (САПР) Grafis 12 программасы менен – окуунун узактыгы 2 ай.
  2. Тигүүчү –оператору (тез тигүү курстары) – окуунун узактыгы 2 ай. 

    Бир ай сабактар Окуу борборунда өтүлөт, экинчи айда угармандар Бишкек шаарындагы алдыңкы тигүү ишканаларында өндүрүштүк практиканы өтүшөт жана түздөн-түз иш орундарында тажрыйба топтошот.

  3. Тигүү өндүрүшүнүн технологиялык процесстери (тигүү өндүрүшүнүн технологдорунун квалификациясын жогорулатуу курстары) – окуунун узактыгы 1,5 ай.
  4. «Кийимдердин конструктору» (кол менен конструкциялоо)– окуунун узактыгы 1,5 ай.
  5. Clo3D кийим дизайнерлери үчүн – окуунун узактыгы 1,5 ай.
  6. Тигүү өнөр жайындагы сапат менеджменти системасы – окуунун узактыгы 1,5 ай.

 

Дарек: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти 66, И. Раззаков атындагы КМТУ, аудитория 2/315

 

Байланыш маалыматтары: +996 708 917 557, Айжан

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар