Экономика жана бизнестин жогорку мектеби
“Экономика жана бизнес жогорку мектеби” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын өнүктүрүү университеттерин бириктирүү жолу менен кайра уюштуруунун натыйжасында жана И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 2022-жылдын 1-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн.
ЭБЖМнин билим берүү ишмердүүлүгүнүн стратегиялык максаттары
Максат 1. Билим берүү программаларынын жогорку сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу. Экономика, каржы жана башкаруу тармактарында улуттук жана эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген адистерди даярдоонун туруктуу системасын түзүү.
Максат 2. Адистерди даярдоодо илимди, билим берүүнү жана практиканы интеграциялоо. Студенттердин изилдөөчүлүк жана практикалык-аналитикалык компетенцияларын калыптандырууга багытталган илимий-билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү.
Максат 3. Эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана өнөктөштүктү чыңдоо.
ЖЭБМнин эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги абалын бекемдеп, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатуу.
Максат 4. Студенттердин ишкердик, инновациялык жана социалдык жоопкерчиликтүү ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.
Өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл болгон лидерлик, ишкердик жана кесиптик этика боюнча туруктуу компетенцияларды студенттерде калыптандыруу.
Экономика жана бизнес Жогорку мектебинин кафедралары 7 багыт боюнча бакалаврларды, 1 багыт боюнча адистерди, 5 багыт боюнча магистрлерди жана 3 багыт боюнча PhD докторанттарды даярдайт.
ЭБЖМ ТАРАБЫНАН ИШКЕ АШЫРЫЛУУЧУ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ТИЗМЕСИ
Кафедра | Бакалавриаттын билим берүү программалары | Магистратуранын билим берүү программалары | PhD докторантурасынын билим берүү программалары |
|---|---|---|---|
| Экономика жана ишкананын башкарылышы | Экономика жана ишкананын башкарылышы Курулуштагы логистика | Экономикалык инжиниринг | Экономикалык инжиниринг |
| Каржы, талдоо жана эсеп | Каржы, бухгалтердик эсеп жана салыктар Эл аралык соода жана электрондук коммерция Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит Каржы жана кредит | Эсеп, талдоо жана аудит Каржы жана кредит | Каржылык аналитика |
| Экономикалык коопсуздук жана маркетинг | Экономикалык коопсуздук Маркетинг | Аудит жана каржылык консалтинг | |
| Менеджмент | Менеджмент Өндүрүштүк менеджмент Каржылык менеджмент Уюмдун менеджменти (курулушта) Бизнес башкаруу | Менеджмент Бизнес башкаруу | Өнөр жай тармактарындагы менеджмент» |
| Экономкалык маалыматтык системалар | Маалыматтык системалар жана программалоо технологиялары Экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар Финансылык жана кредиттик мекемелердеги маалыматтык системалар жана технологиялар Экономикадагы маалыматтык системалар Бизнес-аналитика жана статистика | IT-долбоорлорду башкаруу Экономикадагы маалыматтык аналитика | Маалыматтык системалар жана процесстер |
Экономика жана бизнес жогорку мектебинин тарыхы
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Экономика жана бизнес жогорку мектеби эки институттун негизинде түзүлгөн:
— Н. Исанов атындагы КГУСТАнын «Экономика жана менеджмент» институту;
— И. Раззаков атындагы КМТУнун «Инженердик-экономикалык» факультети.
Бул эки түзүмдүн тарыхый башаты 1968-жылдан башталат. Ал жылы Фрунзе политехникалык институтунда (ФПИ) өнөр жай жана курулуш тармактары үчүн инженер-экономисттерди даярдоо боюнча чечим кабыл алынган.
1992-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтунда Кыргыз Республикасынын Улуттук ишкердик фондунун тапшырыгынын негизинде, экономика жана башкаруу тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында «Курулуштагы экономика жана башкаруу» кафедрасынын базасында Коммерциялык факультет (КФ) түзүлгөн. Кийинчерээк ал факультет «Экономика жана менеджмент» факультети (ЭМФ) деп аталып, Курулуш, экономика жана менеджмент институтунун (КЭМИ) курамына кирген.
2017-жылдын август айында адистештирүүнү тереңдетүү жана профилдик багытты күчөтүү максатында ЭМФ Н. Исанов атындагы КГУСТАнын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп бөлүнгөн. Натыйжада ЭМФнин базасында Кыргыз-Кытай эл аралык экономика жана менеджмент институту (ККЭМИ) түзүлүп, 2018-жылдын август айында ал Экономика жана менеджмент институту (ЭМИ) деп өзгөртүлгөн.
Инженердик-экономикалык факультет (ИЭФ) 1996-жылы «Бизнес жана менеджмент» факультетинин негизинде түзүлгөн Башкаруу жана бизнес институтунун (ББИ) укуктук мураскери болуп саналат. 2016-жылы университеттин профилизациясына ылайык, «Башкаруу жана бизнес» институту «Инженердик-экономикалык» факультет деп кайра аталып чыккан.

