Академиялык мобилдүүлүк

Академиялык мобилдүүлүк — бул студенттердин же окутуучулардын белгилүү бир академиялык мөөнөткө (окуу же өндүрүштүк практиканы өтүүнү кошо алганда), адатта бир семестрге же бир окуу жылына, башка жогорку окуу жайга (чет өлкөдө же өлкө ичинде) окуу же илимий изилдөө жүргүзүү максатында баруусу. Бул учурда өз университетинде өздөштүрүлгөн билим берүү программалары белгиленген тартипте кредиттер түрүндө милдеттүү түрдө кайра эсептелет.

Студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларына катышуусу

Студенттик алмашуу программаларына катышуучулар жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү, кесиптик жана инсандык өнүгүүгө жетишүү, тааныштардын чөйрөсүн кеңейтүү, чет тилдерди билүү деңгээлин жогорулатуу, маданияттар аралык коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү, баалуу эл аралык тажрыйбага ээ болуу, ошондой эле кыргыз элинин бай маданияты жана улуттук салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

И. Раззаков атындагы КГТУ төмөнкү эл аралык программаларга катышат:

  • Европа Биримдигинин Erasmus+ программасы;
  • DAAD — Германиянын студенттерди алмашуу кызматы;
  • FULBRIGHT — АКШнын эл аралык билим берүү программасы;
  • КМШнын Тармактык Университети;
  • ШКУнун Тармактык Университети;
  • БРИКСтин Тармактык Университети;
  • Россия–Кыргыз техникалык университеттер консорциуму (РККТУ);
  • KOICA — Түштүк Корея Республикасынын программасы;
  • Türkiye 2024 — Түркия Республикасынын өкмөттүк программасы;
  • «СИНЕРГИЯ» эл аралык академиялык-өнөр жай тармактык консорциуму.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар