Миссия

          Колледждин миссиясы - өнөр жайга инновациялык чечимдерди ишке киргизүүгө жана заманбап көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү тоокен технологиялары боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо.

          Колледж 2025-2030-жж.: Жогорку сапаттагы билими, өндүрүш менен жигердүү кызматташуусу, билим жаатында инновациялык ыкмаларды ишке ашыруусу менен белгилүү болгон өлкөнүн тоо-кен технологиялары тармагындагы алдыңкы билим берүү мекемеси болуу. 

          Тоо-кен технологиялык колледжи, тоо-кен өнөр жайы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо максатында 2021-жылы түзүлгөн. Ачылган учурда колледжде жалпысынан 40 студент билим алган.

           Ишмердүүлүгүн баштаган күндөн бери колледж кыйла кеңейип, өнүгүп келе жатат. Бүгүнкү күндө окуу жай сегиз окуу программасын сунуштайт, анын ичинде: 

            -  Ачык тоо-кен иштери

            -  Пайдалуу казылмаларды байытуу

            -  Маркшейдердик иш 

            -  Колдонмо геодезия 

            -  Пайдалуу кендердин жер казынасын жер алдынан казып иштетүү 

            -  Гидрогеология жана инженердик геология 

             -  Пайдалуу кендерди изилдөөнун жана чалгындоонун геофизикалык ыкмалары 

            Студенттердин саны жыл сайын өсүп, бүгүнкү күндө колледжде 500дөн ашуун студент билим алат. Колледж өзүнүн кыска тарыхында тоо-кен тармагында жана ага байланыштуу тармактарда ийгиликтүү карьера жасоого жөндөмдүү адистерди даярдаган ишенимдүү окуу жайы катары көрсөтө алды. 

             Тоо-кен технологиялык колледжи бүтүрүүчүлөрүн сапаттуу окутуу жана жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаңы билим берүү технологияларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышты улантууда.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар