Юлия Шестова Президенттик стипендиянын ээси болду!

16-декабрда Президент Садыр Жапаров өлкөнүн университеттеринин мыкты студенттерине президенттик стипендияларды ыйгарды.

Президенттик стипендия жыл сайын Жаңы жылдын майрамынын алдында университеттин илимий жана коомдук турмушуна активдүү катышкан эң мыкты студенттерге академиялык жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

Бул жылы И. Раззаков атындагы КСТУнун жети студентине бул стипендия ыйгарылды. Стипендияга ээ болгондордун арасында MiS кафедрасынын студенти Юлия Алексеевна Шестова да бар.

Ар бирине мамлекет башчысынын мактоо кат жана 60 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар