Филиалдын абитуриентине
АБИТУРИЕНТ-2025!
И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балтадагы филиалына кош келиңиз!
Биздин филиал – бул суракка ээ кесипке алып баруучу жол! Биз техникалык адистерди заманбап программалар аркылуу окутуп, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна жардам беребиз.
Эмне үчүн бизди тандаш керек?
Заманбап окутуу технологиялары жана практикага багытталган программалар.
Техникалык, инженерия жана IT тармагында келечектүү адистиктер.
КМТУнун диплому – Кыргызстандын алдыңкы техникалык университетинен.
Студенттер үчүн ыңгайлуу билим берүү чөйрөсү жана колдоо.
Окуу формалары
Бакалавриат – техникалык адистикте профессионал болууну каалагандар үчүн.
Орто кесиптик билим берүү – 9-класс жана 11-класстан кийин окууга мүмкүнчүлүк.
Өз адистигиңизди тандап, келечекке кадам таштаңыз!
Филиал тууралуу видео
Жогорку кесиптик билим алууга талапкерлер үчүн маалымат
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта ш. Филиалы орто кесиптик билим берүү адистерин даярдоо программасын ишке ашырат (2019-жылдын 26-июлундагы № С2019-0076 / 02 лицензиясы):
Шифр | Багыты | Окуу мөөнөтү (базасында) | |
9-кл. | 11-кл. | ||
280105 | Өзгөчө кырдаалдарда коргоо (Күндүзгү / Сырттан) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) Сырттан – жок | 1 г. 10 м(күндүзгү) |
080302 | Коммерция (тармактар боюнча) (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
190701 | Транспортту уюштуруу жана башкаруу (транспорттун бардык түрлөрү, аба транспорту тышкары) (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
230111 | Компьютердик системаларда программалоо (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
- | STEM билим берүү менен башталгыч класстарда окутуу (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
130502 | Газ жана мунай түтүктөрүн жана кампаларын куруу жана эксплуатациялоо (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
270103 | Имараттарды жана курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо (Күндүзгү / Сырттан) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) Сырттан – жок | 1 г. 10 м(күндүзгү) |
280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
080403 | Товар таануу жана керектөөчү товарлардын сапатын экспертизалоо (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
140212 | Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар (Күндүзгү) | 2 жыл 10 ай (күндүзгү) | 1 г. 10 м. (күндүзгү) |
Күндүзгү окуу үчүн окуу акысы – 24 000 сом.
- Орто кесиптик билим берүү (ОКБ) алуу үчүн 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, мектепти дистанттык түрдө аяктаган учурда, экзаменсиз кабыл алынат.
Жогорку кесиптик билим алууга талапкерлер үчүн маалымат
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы Филиалы төмөнкү багыттар боюнча бакалавр даражасын ыйгаруу менен абитуриенттерди кабыл алат (2019-жылдын 26-июлундагы № D2019-0038 / 05 лицензиясы):
Шифр | Багыты | Окуу мөөнөтү |
580300 | Коммерция (Күндүзгү) | 4 жыл (күндүзгү) |
630400 | Мунай-газ иши (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
550800 | Кесиптик билим берүү (Күндүзгү) | 4 жыл (күндүзгү) |
700200 | Техникалык системаларды башкаруу (Күндүзгү) | 4 жыл (күндүзгү) |
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
640200 | Электроэнергетика жана электротехника (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
580100 | Экономика (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
710400 | Программалык камсыздоо инженериясы (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
750500 | Курулуш (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (Күндүзгү / Сырттан) | 4 жыл (күндүзгү) 5 жыл (сырттан) |
- Жогорку окуу жайларына тапшырган мектеп бүтүрүүчүлөрү Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
- Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча университеттердин, колледждердин (техникумдардын) бүтүрүүчүлөрү, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары кабыл алынат.
- Орто кесиптик билим алуу үчүн, 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү мектепти дистанциялык жол менен бүтүрүшсө, сынаксыз кабыл алынышат.
Тапшыруу үчүн талап кылынган документтер
- Арыз (кабыл алынганда толтурулат);
- Тиешелүү билим жөнүндө күбөлүк;
- Кыргыз Республикасынын жалпы республикалык тестирлөө сертификаты (ЖРТ).
- 3x4 өлчөмүндөгү алты сүрөт;
- Абитуриенттин паспорту же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтер (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн - каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же аскердик билет);
- Талапкерди толук мүнөздөгөн башка документтер (олимпиадалардын дипломдору, спорттук мелдештер, сертификаттар).
Чет элдик жарандар үчүн
1. Тиешелүү билим жөнүндө документ;
2. Арыз ээсинин паспорту же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтер;
3. Аскер күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн);
4. 3x4 - 6 даана сүрөттөр.
5. Справка №086.
Студенттер жатакана менен камсыз болушат!
Социалдык жардам
И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта ш. Филиалы студенттерин социалдык колдоо жөнүндө жобого ылайык, айрым категориядагы адамдарга, жетим балдарга, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттерине контрактты төлөөдө олуттуу жеңилдиктерди берет.
Байланыш жолдору
Биздин дарек:
- 722030, Кара-Балта шаары, Ковровщиков кварталы, 27.
Байланыш телефондору:
- (03133) 3-41-88 (директордун кабылдамасы)
- Факс: (03133) 3-41-88
+ 996 555-822 472
+ 996 553-435 227
- Почта - kbft.2022.2023@gmail.com
- Facebook - https://www.facebook.com/kgtu.kbf/
- Instagram - https://www.instagram.com/kgtu.filial.kara.balta/
Сапаттуу билим – ийгиликтүү карьерага жол биз менен!
Көрүшкөнчө, 2025-жылындагы КБФнын студенти.