Жаштар борборунун жаңылыктары

Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу документин тааныштыруу иш чарасы болуп өттү.

Конференциянын максаты — Кыргыз Республикасында илим, билим берүү, инновация жана коомдук өнүгүү маселелерин талкуулоо.

Иш-чараны КМТУ ректору М.К.Чыныбаев ачып, Президенттин улуттук доктринасынын маанилүүлүгүн белгилеп, университеттин илимди өнүктүрүү жана инновациялык чөйрөнү түзүүдөги ролуна токтолду.

Конференциянын алкагында КМТУнун Жаштар борборунун башчысы Бактыбек уулу Улукман уңгужолдун негизги багыттары боюнча кеңири лекция окуду, анын ичинде илим, технология, билим берүү жана студенттердин социалдык демилгелери тууралуу кеп кылды.

Иш-чарага тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары, студенттик активисттер жана студенттер катышып, жетекчилердин тажрыйбасы менен жаштардын демилгеси биригип, практикалык сунуштарды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

#КГТУ

КМТУнун студенттери — Президенттик стипендиянын ээси!

2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич 2024-2025-окуу жылдын жыйынтынын негизинде мыкты деп аталган студенттерге Президенттик стипендия ыйгарды. 

Жалпы 92 стипендиаттын арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 9 (тогуз)  студенти окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчө айырмалангандыгы үчүн сыйланышты.

И. Раззаков атындагы КМТУнун стипендиаттары:

1. Абылкасымова Алина Абдижалиловна;

2. Алмаматова Элиза Мыйманбаевна ;

3. Байбаракова Ажар Мирлановна;

4. Бертошева Рамина Бакытбековна;

5. Ибрагимова Бегимай Саипжановна;

6. Имамалиева Жумаида Сабыралиевна;

7. Расулбек кызы Роза;

8. Советбекова Айдана Мирлановна;

9. Уметбеков Ырыскелди Гапарович.

Алар ар бири өзүнүн эмгеги, билими жана лидерлик сапаттары менен айырмаланып, КМТУнун жогорку деңгээлдеги даярдыгын дагы бир жолу тастыкташты. Президенттик стипендиянын өлчөмү — 60 000 сом.

Университеттин жетекчилиги жана жамааты стипендиаттарды бул чоң жетишкендик менен куттуктайт жана аларга билим менен кесиптик жолунда жаңы ийгиликтерди каалайт.

КМТУнун сыймыгы — өлкө деңгээлинде өз университетинин атын даңазалаган таланттуу жаштар!

#КГТУ

КМТУда ИСХАК РАЗЗАКОВДУ ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

2025-жылдын 24-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Исхак Раззаковдун элесине арналган эскерүү митинги болуп өттү.

Иш-чарага студенттер жана окутуучулар катышып, улуу инсандын жаркын элесине таазим кылышты. Катышуучулар университеттин аймагында орнотулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын эл жана мамлекет үчүн жасаган эмгегин урмат менен эскеришти.

Митингден кийин КМТУнун 1–2-курсунун студенттери Эл аралык жогорку логистика мектебинин студенттери Исхак Раззаковдун үй-музейине барышты.

Ал жерде студенттер 

И. Раззаковдун кызы — Эльмира Исхаковна менен жолугушуп, ал атасынын өмүр жолу жана элге арналган ишмердиги тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Университеттин ректорунун атынан студенттер Эльмира Исхаковнага гүл берип, улуу инсандын элесин сактап келгени үчүн ыраазычылык билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы КМТУ жамааты үчүн маанилүү тарбиялык жана руханий окуя болуп, жаштарга Исхак Раззаковдун инсандык сапаттарынын, билимге жана элге кызмат кылуу мисалынын түбөлүктүү баалуулугун дагы бир жолу эске салды.

#КГТУ

КМТУ улуу муун өкүлдөрүнө арналган майрамдык кечени өткөрдү

2025-жылдын 8-октябры күнү Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Карылар күнүнө арналган жылуу маанайдагы иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев ачып, улуу муун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирип,  каалоо-тилектерин айтты.

“Арт-Мурас” драмалык студиясы тарабынан “Ата-энени барктайлы” тематикада музыкалык спектакль коюлду. Ошондой эле “УСТА” Элдик бий ансамбли жана университетибиздин ырчылары концертти көркүн чыгарды.

Студенттер улуу муунга арналган таасирдүү көркөм композицияны аткарышып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда ардагерлер үчүн сый дасторкон уюштурулуп, аларга өзгөчө көңүл бурулду.

Бул саамалык университеттин проф бирикмеси тарабынан уюштурулган. 

Проф бирикменин төрайымы Ажар Аманкалыевна Абылаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, ардагерлерге узун өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалады. Өз кезегинде ардагерлер да университет жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

#КГТУ

КМТУда Университеттин жана Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

2025-жылдын 7-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Университет күнү жана Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны Тарбиялык иштер боюнча департамент уюштурду. Иш-чарага  профессордук-окутуучулук курам жана  кызматкерлер катышты.

Салтанаттын башында КМТУнун ректору  М.К. Чыныбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, жамаатты майрамы менен куттуктады. Ал өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып, университеттин жетишкендиктери, эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери жана алдыдагы пландар тууралуу бөлүштү.

Концерттик бөлүктө студенттик актив жана элдик хореографиялык ансамбль «Usta Dance» өз өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулашты. 

Майрамдын жылдызы — Энергетика институтунун студенти Айипов Шахрук-Хан, өзүнүн таасирдүү ыр аткаруусу менен залды суктандырды.

Салтанаттуу бөлүктө ректор билим берүү тармагына кошкон салымы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн мыкты окутуучуларга жана кызматкерлерге Ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды жана медалдарды тапшырды.

Иш-чара жылуу, кубанычтуу маанайда өтүп, университет жамаатынын биримдигин жана сыймыгын дагы бир жолу тастыктады.

Университеттин жетекчилиги бардык окутуучуларды жана кызматкерлерди дагы бир жолу майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайт!

#КГТУ

Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара

КМТУда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

2025-жылдын 23- сентябрында 

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 36 жыл толгон күнгө арналган «Мамлекеттик тил – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө катышуучулар мамлекеттик тил тарыхындагы маанилүү учурлар тууралуу маалыматтык баракчалар менен таанышты. 

Атап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгы, ошондой эле акыркы жылдары Президент Садыр Жапаров тарабынан мамлекеттик тилди колдоо боюнча кол коюлган мыйзамдар белгиленди.

Маданий бөлүктө университеттин «Арт-Мурас» драмалык студиясы менен «Уста» элдик бий ансамбли даярдаган «Мамлекеттик тил жана санарип дүйнө» аттуу пролог көрсөтүлдү. Анда ата-бабалар мурасы менен бүгүнкү санарип доорунун айкалышы жана китептин билим булагы катары баалуулугу өзгөчө баса белгиленди.

Расмий куттуктоо сөзүндө КМТУнун академиялык иштер боюнча проректору,  Сырымбекова Эркингүл Ибраевна катышуучуларды куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар окутуучуларга сыйлыктарды тапшырды. 

Алардын ичинде:

-кыргыз тили кафедрасынын доценти, ф.и.к. Исмаилова Даражан Намазовна – «Кыргыз тили» төш белгиси менен,

-профессор Өмүралиев Асан Сыдыгалиевич жана улук окутуучу Абдыкеримова Дамира Кеңешбековна – Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан тышкары мамлекеттик тил жана санариптештирүү боюнча проректор,  Маданбеков Нуржан Жоломанович мамлекеттик тилди кеңири колдонууга жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн курамдык бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

Салтанаттын көркөм бөлүгү «Уста» ансамблинин «Жабагы» бийи, «Арт-Мурас» студиясынын «Эне тил» жана «Калкым» аттуу композициялары менен коштолуп, соңунда ТЭСМИК(м)-1-24 тобунун студенти Орозалиев Эрбол «Кыргызстан» ырын аткарып, иш-чара жыйынтыкталды.

#КМТУ

«Жашыл мурас» – Улуттук тазалык күнү

КМТУ кызматкерлери жана студенттери «Жашыл мурас» – Улуттук тазалык күнүнө катышышты

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кызматкерлери жана студенттери «Жашыл мурас» жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында ишембилике активдүү катышышты. 

Иш-чара университеттин үч кампусу жана филиалдарында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө таштанды жана табигый калдыктар тазаланып, жашыл зона жана айлана-чөйрө уюштурулду.

Бул акция студенттерде жана кызматкерлерде экологиялык жоопкерчилик маданиятын калыптандырууга жана университеттин аймагында коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталган.

#КГТУ

Биринчи курстун студенттери, кош келиңиздер!

Бүгүн (15.09.2025-ж.) Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жаңы окуу жылы салтанаттуу ачылды. 

Бул күн 3000ден ашык биринчи курстун студенттерин, ошондой эле университеттин бардык директорлорун, бөлүм башчыларын жана кызматкерлерин бириктирген майрамдык күнү болду.

Салтанат «Аялзат» бийи менен башталып, институттар жана колледждер парады менен коштолду. Университеттин дүйнөлүк деңгээлде таанылышы жана QS Stars системасында төрт жылдызга ээ болушу студенттердин жана профессордук курамдын эмгегин тастыктап, КМТУнун сыймыгын дагы бир жолу көрсөттү.

Академиялык иштер боюнча проректор Эркингуль Ибраевна Сырымбекова куттуктоо сөзү менен кайрылып, эң жогорку ЖРТ балл алган студенттерге салт боюнча «Билим ачкычы» тапшырылды.

Иш-чаранын майрамдык программасы студенттик кеңештин гимни, «Ала-Тоо Жазы-2025» конкурс-фестивалынын жеңүүчүлөрүнүн флешмобу, президент Актилек Ассатилаевдин жаңы премьерасы «Сүйөм деп алдаба» жана Политехтин сыймыгы болгон ырчы өзгөчө конок Николай Гогольдун чыгышы менен өзгөчө маанайга бөлөндү.

Бул күнү биз Coca-Cola, Белая Река жана Оптима Банк компанияларына чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз, алардын колдоосу иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө жардам берди.

Кымбаттуу биринчи курстун студенттери, алдыда сиздерди жаңы ачылыштар, достук, жогорку жетишкендиктер жана унутулгус студенттик күндөр күтүп турат.

 Политехтин чоң университеттик коомчулугуна кош келиңиздер!

#КГТУ

КГТУ — обладатель Гран-при фестиваля "Ала-Тоо жазы"!

Студенты Кыргызского государственного технического университета им. И. Раззакова завоевали первое место Гран-при на Республиканском молодежном фестивале-конкурсе “Ала-Тоо жазы”, организованном Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики.

В фестивале приняли участие более 25 высших учебных заведений страны.

Команды представили свои творческие номера, продемонстрировав талант, сценическую культуру и командный дух. По итогам конкурса команда КГТУ заняла первое место и получила главный приз - 300 000 сомов.

Цель мероприятия — поддержка и развитие творческого потенциала молодежи, укрепление дружеских связей между студентами, а также продвижение талантливой молодежи в обществе.

Этот успех — значимое достижение не только для университета, но и для всего студенческого сообщества.

КГТУ продолжит поддерживать инициативы молодежи и создавать возможности для раскрытия их потенциала.

“УҢГУЖОЛ: УЧУР ЖАНА КЕЛЕЧЕК”

2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнɵлүк бийиктик” уңгужолу жɵнүндɵ” 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгын жүзɵгɵ ашырууга арналган “Уңгужол: учур жана келечек” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Уңгужолдун негизги максаты мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салып, нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу, кубаттуу мамлекет куруу болуп саналат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана бир нече академиктер катышты.

Иш-чаранын негизги баяндамачылары КР УИАнын А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун башкы илимий кызматкери, т.и.д., профессор Сулайман Кайыпов жана КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун директору,профессор Токон Мамытов ж.б. окумуштуулар сөз сүйлөштү.

Конференцияга И.Раззаков атындагы КМТУнун “Коомдук жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучулары, институттардын жана жогорку мектептердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, бөлүм башчылары жана кызматкерлери да катышып келишти.

#КГТУ

Кыргызстанда “2024-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ ОКУРМАНЫ” сынагы жыйынтыкталды

Кыргызстанда “2024-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ ОКУРМАНЫ” сынагы жыйынтыкталды.

2024-жылдын 21-декабрь күнү, Кыргызстанда экинчи жолу “START BOOK” долбоорунун алкагында студенттер үчүн “2024-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ ОКУРМАНЫ” аталышындагы республикалык сынак өткөрүлдү. Сынакты КРнын Билим берүү жана илим министирлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана “ИЛГИР” чыгармачыл жаштар уюму уюштурду.
Сынактын максаты: Жаштар арасында китеп окууну жайылтуу, китеп окуу маданиятын адатка айландыруу, студенттер арасында актуалдуу болгон китептин багытын анализдөө ошондой эле китепкөй Кыргызстанды куруу.
Бул сынак 2024-жылдын 1-мартынан баштап 2024-жылдын 16-ноябрына чейин уланды. Республикалык сынакта кыргыз, орус, түрк жана англис тилдериндеги китептерди окуп, жыл ичинде 300дөн ашык студенттер катышып, алардын ичинен эң азы 10 китеп окуса ал эми эң көбү 130дан ашуун ар кандай жанрдагы китептерди окуган.
Сынактын жеңүүчүлөрү: I, II, III даражадагы “2024-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ ОКУРМАНЫ” аталышындагы статуэтка, диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, 40тан 50гө чейин китеп окуган окурмандарга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

#КМТУ

 

Ташкент шаарындагы иш-чарадан көз ирмем.

2024-жылдын 21-ноябрдан 26-ноябрга чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Уста»  элдик бий ансамбли “Искусство жана кыймыл” эл аралык чыгармачылык долбоорунун уюштуруу тобу жана Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн “Азия бермети” эл аралык бий фестиваль-конкурсуна катышып, 1-орунду багындырып келди. 

Аталган сынак Өзбекстан Республикасынын профсоюздар федерациясынын демилгеси менен, ошондой эле Өзбекстандын Маданият министрлиги жана Өзбекстан мамлекеттик хореография академиясынын колдоосу менен уюштурулду. “Азия бермети” фестиваль-сынагына Орто Азия мамлекеттеринен барган жүздөгөн (Казакстан, Болгария, Беларусия, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Кыргызстан ж.б.) конкурсанттар катышты. 

Ал эми Кыргызстандын атынан “УСТА”, “ДЭЯ” (Бишкек шаарынан) жана “Мөлмөл” (Балыкчы шаарынан) бий топтору барган. Натыйжада, калыстар тобу “УСТА” элдик бий ансамблинин “Жабагы” кыргыз бийин жана “Гуш тепти” түркмөн бийин мыкты деп таап, биринчи орунду ыйгарышты.
Фестивалдын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференциялар, бий чеберлеринин мастер-класстары өттү. 

Аны менен катар коноктор үчүн атайын экскурсиялар уюштурулуп, Ташкент шаарынын  маданий жетишкендиктерине күбө болушту.
Жаштар борборунун жетекчиси жана “УСТА” элдик бий ансамблинин жетекчиси жогорудагы фестиваль-конкурска катышып келүүгө шарт түзүп берген И.Раззаков атындагы КМТУнун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришет.
#КМТУ

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар