т. и. к., доцент
-
Байкелова Гулмира Шакиновна, 01.06.65 ж.т. кыргыз
-
Кыргыз мамлекеттик университетинин 50 жылдык СССР атындагы химия факультетин 1987-жылы аяктап, химик жана химия мугалими адистигине ээ болгон.
-
2013-жылдан бери техника илимдеринин кандидаты. Диссертациясынын темасы: "Ак-Түз байытуу фабрикасынын калдыктарынан сейрек металлдарды бөлүп алуу технологиясын иштеп чыгуу".
25.00.13 - Пайдалы кендерди байытуу
05.16.02 - Түстүү жана сейрек металлдардын металлургиясы
Диссертациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Геомеханика жана жер койнун өздөштүрүү институтундагы Диссертациялык кеңештин Д 25.12.039 жыйынында коргогон.
-
Илимий-педагогикалык иш стажы 23 жыл, бул окуу жайында 15 жыл. Жалпы иш стажы 36 жыл.
-
Эмгек ишмердүүлүгү:
-
1987-1992-жж. "Киргизэлектродвигатель" заводу - инженер-химик
-
1993-1998-жж. ОКБ "Аалам" - инженер-технолог
-
2000-2004-жж. Бишкек шаарындагы №55 орто мектеп - химия мугалими
-
2004-2006-жж. Балыкчы шаарындагы №5 орто мектеп - химия мугалими
-
2007-2008-жж. Бишкек шаарындагы №49 орто мектеп - химия мугалими
-
2008-2009-жж. Бишкек техникалык техникуму - окутуучу
-
2009-2016-жж. КГТУнун У. Асаналиев атындагы ИГД жана ГТ - улук окутуучу
-
17.02.2016-09.09.2016 - Стандартташтыруу жана метрология борбору - жетекчи адис
-
2016-2017-жж. Бишкек тоо-техникалык колледжи - окутуучу
-
2017-2018-жж. КИМС - илимий катчы
-
2019-2022-жж. КГГУнун У. Асаналиев атындагы институту - доцент
-
2023-жылдан азыркы убакка чейин КГТУнун И. Раззаков атындагы институту - доцент
-
2008-2019-жылдары "Металлургия жана металлургиялык процесстер" кафедрасында төмөнкү курстар боюнча лекцияларды окуган: "Өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө", "Өндүрүш процесстеринин негиздери", "Сейрек металлдардын металлургиясы", "Гидрометаллургиялык ыкмалардын теориясы", "Минералдык чийки зат технологиясы", "Кен даярдоо".
2019-жылдан бери "Минералдык чийки заттарды издөө технологиясы жана техникасы" кафедрасында негизги курстарды окутат: "Тазалоочу агенттер жана тампонаж аралашмалары", "Кыйындашкан шарттарда бургулоо", "Скважиналардагы изилдөө жана атайын иштер", "Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү", "Бургулоодогу экологиялык аспекттер", "Геологиялык чалгындоо технологиясы".
Сыйлыктары:
-
2012 - У. Асаналиев атындагы ИГД жана ГТ Ардак грамотасы
-
2014 - КГТУнун И. Раззаков атындагы институтунун Ардак грамотасы
-
2020 - КГГУнун У. Асаналиев атындагы институтунун Ардак грамотасы
-
2021 - "Жылдын мыкты окутуучусу" номинациясындагы грамотасы
-
2023 - КГТУнун И. Раззаков атындагы Ыраазычылык баракчасы
Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү:
Курстук жана бүтүрүү иштерине жетекчилик кылат. Анын жетекчилиги астында студенттер "Бургулоо калдыктарын утилдештирүү ыкмалары", "Бургулоо эритмелерин даярдоо технологиясын өркүндөтүү" темалары боюнча студенттик илимий конференцияларга катышкан.
Илимий-методикалык ишмердүүлүк:
Методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыккан:
-
"Сейрек металлдардын металлургиясы" дисциплинасы боюнча практикалык иштер үчүн методикалык көрсөтмөлөр.
-
"Минералдык чийки зат технологиясы" дисциплинасы боюнча лабораториялык иштер үчүн методикалык көрсөтмөлөр.
-
"Тазалоочу агенттер жана тампонаж аралашмалары" боюнча курстук иштерди аткаруу боюнча методикалык көрсөтмөлөр.
-
"Технологиялык жана техникалык чалгындоо" боюнча практика программасы.
Илимий ишмердүүлүк:
11 илимий макала жарыяланган, анын ичинде:
-
Магниттик байытуу боюнча изилдөөлөр (2015)
-
Ак-Түз фабрикасынын калдыктары боюнча рентгенофазалык жана электрон-микроскопиялык изилдөөлөр (2017)
-
Алтын-Жылга кенинин геохимиялык өзгөчөлүктөрү боюнча изилдөөлөр (2022-2023)
Квалификацияны жогорулатуу:
-
2015 - КМУнун квалификацияны жогорулатуу курсу
-
2017 - Аккредитация боюнча эксперттик даярдык
-
2022 - КРСУнун "Заманбап илим: RSCI, Web of Science, JCR" вебинары
-
2023 - IT билим берүү курсу
-
2023 - Түрк тили курсу (сертификат берилген)
Тарбиялык ишмердүүлүк:
-
2019-2020 - Геологиялык чалгындоо факультетинин деканынын орун басары.
-
Академиялык кеңешчи катары студенттер менен тарбиялык иштерди жүргүзөт.
-
Студенттер үчүн илимий конференцияларды уюштуруп, алардын жетишкендиктерине көмөк көрсөтөт.