Демөөрчүлүк

Эл аралык тоо-кен форумуна демөөрчү болуу — бул жөн гана логотипти жайгаштыруу эмес. Бул — компаниянын тоо-кен тармагындагы позициясын стратегиялык жактан чыңдоого жана бекем ишкердик байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк.

Биз демөөрчүлүктүн төмөнкү категорияларын сунуштайбыз:

  1. Титулдук демөөрчү (500 000 сом): Форумдун сайтына жана бардык материалдарына логотипти артыкчылыктуу жайгаштыруу, пленардык жыйында эксклюзивдүү чыгып баяндоо мүмкүнчүлүгү же өз алдынча тематикалык сессия өткөрүү укугу.

  2. Платина демөөрчү (400 000 сом): Форумдун сайтына жана бардык материалдарына логотипти артыкчылыктуу жайгаштыруу, тандаган сессияга модератор дайындоо укугу жана эксперттик баяндама жасоо мүмкүнчүлүгү.

  3. Алтын демөөрчү (300 000 сом): Форумдун сайтына жана бардык материалдарына логотипти артыкчылыктуу жайгаштыруу, тандалган сессияда эксперттин баяндамасы же чакырылган эксперттер менен тиешелүү темада жабык тегерек столду уюштуруу жана өткөрүү. 

  4. Күмүш демөөрчү (200 000 сом): Форумдун сайтына жана бардык материалдарына логотипти артыкчылыктуу жайгаштыруу, тандалган сессияда презентация же адистештирилген сессиянын алкагында ийгиликтүү иштин же долбоордун бет ачарын өткөрүү. 

  5. Коло демөөрчү (100 000 сом): Форумдун сайтына жана бардык материалдарына логотипти артыкчылыктуу жайгаштыруу, тандаган сессияда чыгып сүйлөө же B2B жолугушуусунда кыскача (питч) презентация жасоо.

        Стандарттык спонсордук пакеттерди сиздин максаттарыңызга жараша ылайыктап берүүгө даярбыз. Жекече өнөктөштүк шарттарын талкуулоого ачыкпыз.

Спонсорлор үчүн байланыш: https://kstu.kg/bokovoe-menju/konferencii/mezhdunarodnyi-gornyi-forum/kontakty

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар