Жаңылык
🎉 Куттуктайбыз! 🎉 Биздин кафедранын доценти, Садыкова Эркингуль Ахметовна Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйлангандыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул жогорку сыйлык — билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгегинин, кесипкөйлүгүнүн жана окуу китептеринин сапатын жогорулатууга кошкон зор салымынын татыктуу баасы.
Эркингуль Ахметовнага чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана педагогикалык ишмердүүлүгүнүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Биз сиз менен сыймыктанабыз!
Студенттер күнү менен куттуктайбыз!
Биздин кафедра окууда ийгиликтерге жетишкен мыкты студенттерди сыймыктанып белгиледи. Ушул урматтуу күндө Карыпбек Курманалиев атындагы ысымдык стипендиялар жана ардактуу сертификаттар отличниктерге тапшырылды.
"Полиграфия" кафедрасы И.Раззаков атындагы КУТУнун 70 жылдыгына жана кафедранын негиздөөчүсү К.Курманалиевдин 75 жылдыгына арналган "Чет элдик университеттер менен байланыштарды өнүктүрүү жолдору" темасындагы тегерек стол өткөргөн.
Биздин кафедрада Уралдык федералдык университеттин профессорлору А.Г. Тягунов жана Д.А. Тарасов менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу убагында андан ары кызматташуу маселелери талкууланды. Конокторго өз тажрыйбаларын бөлүшүү мүмкүнчүлүгү уюштурулду.
2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз-Германия техникалык институтунун «Полиграфия» бөлүмүнүн окутуучулары институттун администрациясы менен биргелешип балалар үйүн зыярат кылышты.
ИСТг-1-21 тобу үчүн «St.art» басмаканасына атайын экскурсия уюштурулду. Басмакананын директору А.Л. Златкин жана бөлүм башчысы Е.А. Садыкова өндүрүштүк процесстерди көрсөтүшүп, өндүрүш жабдыктары менен тааныштырышты.
И. Раззаков атындагы КУТУнун жана УТРКнун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Жолугушууда полиграфия бөлүмү менен биргелешип техникалык адистерди даярдоо жана УТРКнун өнүгүүсүнүн жаңы багыттарын ачуу сунуш кылынды.
Полиграфия студенттери Германиянын Берлин, Мүнхен, Нүрнберг, Гамбург, Штутгарт шаарларында жай өткөрдү. ППг-1-19: Мелисова Б., Ернисова Б., Тологонова Г., Болотова М. ИСТг-1-21: Эркинбеков Н., Ермекбайуулу.
ППг-1-19 тобунун студенттери: Мелисова Б., Эрнисова Б., Тологонова Г., Болотова М. ИСТг-1-21 тобунун студенттери: Эркинбеков Н., Эрмекбай уулу М., Молдогазиев М.
17-ноябрь студенттер күнүнө карата "Полиграфия" кафедрасынын мыкты окуган студенттерине, окуудагы жетишкендиктери, ошондой эле университеттин жана кафедранын турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн, "Карыпбек Курманалиев" атындагы стипендия ыйгарылды.
17.08.2022 ИСиТ-1-18, ПП-1-18 топторунун бүтүрүүчүлөрү үчүн дипломдорду тапшыруу аземи өттү. ИСиТ-1-18 тобунун студенткасы Б.У.Абсаламованы "кызыл диплом" алгандыгы менен куттуктайбыз!
02.04.2022 субботник өткөрүлдү. Полиграфия кафедрасынын студенттери КУТУнун үчүнчү корпусунун жанындагы аймакты тазалаган.
31.03.2022-жыл И.Раззаков атындагы КУТУнун транспорта жана машина куруу факультетинин К.Курманалиев атындагы "Полиграфия" кафедрасында полиграфия ишканаларынын жумуш берүүчүлөрүнүн катышуусунда "Кесип жана практика күнү" темасында тегерек стол өткөрүлдү.
64-жылдык "Илим, техника жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө жаштар" эл аралык тармактык илимий-техникалык конференциясына катышуу.
17-ноябрь 2020-жылы Раззаков атындагы КУТУда К.Курманалиев атындагы ысымдык стипендия тапшырылды. Стипендияны Курманалиев Бекнур Карыпбекович жана Садыкова Эркингуль Ахметовна тапшырышты.
4.11.2021-жылы Илим күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Студенттер ушул тема боюнча эссе жазышты жана I, II, III орундар менен сыйландышты. Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар берилди.
21.02.2020 Эне тилдердин эл аралык күнүнө карата сынак өткөрүлдү. Сынакка ушул тема боюнча эссе жазуу талап кылынды. Сыйлоо аземи 1, 2, 3 орундардын ээлерине акчалай сыйлыктарды жана катышуу сертификаттарын тапшыруу менен өттү.
Жанылык
No news available.

