Тарбиялык иштер

Студенттер менен окуудан тышкаркы иштерди уюштуруу кафедранын тарбиялык иш планынын негизинде жүргүзүлөт. Бул планда окуу процессин уюштуруу жана көзөмөлдөө, студенттердин сабактарга катышуусун камсыз кылуу, химиялык дисциплиналарды өздөштүрүүдө илимий ой жүгүртүүнү калыптандыруу, жогорку окуу жайга жаңыдан кабыл алынган биринчи курстун студенттерин адаптациялоо, студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу маселелери камтылган. Ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулуктарды — гуманизмди, демократияны, мекенчилдикти, республиканын улуттук баалуулуктарын: тилди, каада-салттарды, адеп-ахлактык принциптерди, интернационализмди пропагандалоо жана өнүктүрүү багытындагы иштер жүргүзүлөт.

Кафедрада тарбиялык иштер бекитилген тарбия иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат. Куратордук институт каралбагандыгына байланыштуу, тарбиялык иштер негизинен окутуучулар тарабынан сабак учурунда студенттер менен түздөн-түз байланыш аркылуу жүргүзүлөт.

Химия жана химиялык технология (ХжХТ) кафедрасында негизинен 1-курстун студенттери билим алышкандыктан, негизги көңүл окутуунун кредиттик технология системасын түшүндүрүүгө бурулат. Атап айтканда, студенттерге өз убактысын туура уюштуруу жана бөлүштүрүү, модулдук системанын өзгөчөлүктөрү, модулдардын берилүү тартиби, лабораториялык жана практикалык сабактарга даярдануу жана аларды аткаруу, методикалык куралдар жана окуу адабияттары менен иштөө көндүмдөрү үйрөтүлөт. Окуу процессинин жүрүшүндө студенттердин сабакка катышуусу жана жүрүм-туруму үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт.

Студенттерди илимий иштерге кызыктыруу жана тартуу максатында аларга илимий китептер жана журналдар менен иштөө, эксперимент жүргүзүү жана алынган жыйынтыктарды талдоо көндүмдөрү берилет. Ошондой эле демонстрациялык эксперименттерди абитуриенттерге жана конокторго (КМТУда өткөрүлгөн илимий конференцияларда, абитуриенттер менен жолугушууларда) көрсөтүү практикасы колдонулат.

2025–2026-окуу жылынын башталышынан тартып студенттер факультетте жана КМТУда өткөрүлгөн бардык коомдук иш-чараларга активдүү катышышат. Алардын катарына КМТУнун «Ачык эшик» күндөрү, Университет күнү, Химик күнү жана башка майрамдык иш-чаралар кирет.

Химиялык майрамды уюштурууга кафедранын окутуучулары жана университеттин 1–2-курстарынын студенттери катышышат. Майрамга Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары чакырылат. Иш-чаранын программасына демонстрациялык тажрыйбалар, көңүл ачуучу викториналар, «Иондордун бийи», соло номерлер кирет. Ошондой эле «Вулкан», «Фараондун жыландары», «Күйбөс жоолук», «Жараат алуу», «Сүт» жана башка кызыктуу химиялык демонстрациялык тажрыйбалар көрсөтүлөт.

Кафедрада жана КМТУда өткөрүлгөн ишембиликтерге катышуу, кафедранын стенддерин жана лабораторияларын жасалгалоого жардам берүү студенттерди эмгекке тарбиялоонун маанилүү элементтери болуп саналат.

Кафедранын жамааты жана студенттери факультеттик жана университеттик деңгээлде өткөрүлгөн уюштуруу-массалык, маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга активдуу катышат. Университеттин «Ачык эшик» күнүн уюштурууда демонстрациялык тажрыйбалар көрсөтүлүп, абитуриенттердин кызыгуусун арттырууга чоң салым кошулат.

2025–2026-окуу жылында ХТ-1-25 жана ХТ-1-23 тайпаларынын студенттери жана алардын кураторлору Кийикбаева А.Ы. жана Кудайбергенова Т.К. университетте өткөрүлгөн бардык иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып келишет. Ошондой эле куратордук сааттар системалуу түрдө өткөрүлүп, студенттер менен биргеликте кинотеатрларга, музейлерге баруу сыяктуу маданий-агартуучулук иш-чаралар уюштурулуп турат.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар