Жанылыктар

Жыл жыйынтыгынын сыйлыктары.

       КМТУда жыл жыйынтыкталып, 2024-жылдын негизги жетишкендиктери белгиленди.

       2024-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө жыл болду. Бул жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдык мааракеси белгиленди. КМТУ өз тарыхында профилдик техникалык багытта кадрларды даярдоонун флагманы катары, өлкөнүн өнүгүүсүнө жана билим берүү тармагынын бекемделишине зор салым кошуп келүүдө.

       Буга карата 2024-жылдын 27-декабрында КМТУда жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарада университеттин өнүгүүсүнө, билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатууга кошкон өзгөчө салымдары үчүн окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана өнөктөштөр сыйланышты. Университеттин өнүгүүсүнө жана анын аброюн жогорулатууга кошкон салымы үчүн “КМТУнун Юбилейлик медалы” менен кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын жетекчиси, ф.и.к., доц. Жумагул кызы Айнура; мыкты ишмердүүлүгү үчүн “КМТУнун Ардак грамотасы” менен улук окутуучулар Ш.А. Дуйшоева, Р.А.Шаршенова сыйланышты. 

         Бул сыйлыктар университеттин  өнүгүүсүнө кошкон салымдарын жогору баалоо катары тапшырылды.

        Кафедра жамааты сыйлык ээлерин дагы бир жолу чын дилинен куттуктайт!

                                                                                                                                                                  Кафедра жамааты.

Республикалык сынактын жеңүүчүлѳрү менен сыймыктанабыз!

Куттуктайбыз!

     22-сентябрь күнү КМУда 2025-жылдын май айында ѳткѳн “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышында республикалык сынактын жеңүүчүлѳрү аныкталды. Алдыңкы I жана II орундарды биздин университеттин кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары багындырып келишти.

      Бул сынак И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгынын алкагында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн утурлай “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары арасындагы республикалык сынактын жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү. 

       Аталган сынак жогорку билим берүү баскычында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуунун тили катары мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдорун, жаңы ыкмаларын аныктоо жана аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана И.Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте уюштурулуп, республика боюнча ЖОЖдордун жана колледждердин октуучулары катышкан. Калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр болуп, 1-орун жана 2-орунду И. Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын тѳмѳндѳгү окутуучуларына сыйлыктары салтанаттуу тапшырылды: 

1-орун - Сулайманкулова Мээрим Бекболотовна – И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти, ф.и.к., доцент;

2-орун - Жумагул кызы Айнура – И.Раззаков ат. КМТУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент.

     Жеңүүчүлөрдү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева куттуктап, мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн заманбап методикаларды, технологияларды жайылтуу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын бөлүм башчысы Кутмырза Жакыбалиев, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нургүл Рымбекова куттукташып, сыйлыктарды тапшырышты.

                                                                                                                                                                                     Кафедра жамааты

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар