Акбанова Кульсара Аилчиевна

Каимбаева Лейла Амангелдиевна
Профессор

Каймбаева Лейла Амангельдиновна 1970-жылдын 15-апрелинде Чыгыш Казакстан облусунда, Аягөз шаарында төрөлгөн.

1987–1993-жылдары Семипалатинск эт жана сүт өнөр жайынын технологиялык институтунда окуп, «Эт жана эт продукцияларынын технологиясы» адистиги боюнча инженер-технолог дипломун алган.

1996-жылы Шәкәрім атындагы Семипалатинск мамлекеттик университетинин аспирантурасына 05.18.04 – «Эт, сүт, балык продукциялары жана муздаткыч өндүрүштөрүнүн технологиясы» адистиги боюнча тапшырып, 2001-жылы «Жылкы эти, канаттуу этү жана атайын багыттагы сөөк майын колдонуп жасалган курама майдаланган жарым фабрикаттардын технологиясын иштеп чыгуу» темасында кандидаттык диссертациясын коргогон.

2008-жылы ККСОН МОН РК тарабынан 05.18.00 – «Азык-түлүк продуктуларынын технологиясы» адистиги боюнча «Доцент» илимий наамы ыйгарылган.

2014-жылы Россия Федерациясында 05.18.04 – «Эт, сүт, балык продукциялары жана муздаткыч өндүрүштөрүнүн технологиясы» адистиги боюнча «Марал эти жана союу продуктуларын комплекстүү кайра иштетүүнүн илимий-практикалык аспектилери» темасында доктордук диссертациясын коргогон. 2022-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасында техникалык илимдердин доктору дипломунун таануу күбөлүгүн алган.

2002–2004-жылдары Инновациялык Евразия университетинде дуалдык окутуу факультетинин деканы болуп иштеген (Павлодар шаары).

Илим менен активдүү алектенет. Балдар жана диеталык тамак-аш технологиясы боюнча илимий долбоорлор конкурсуна жетекчи катары катышууда. Scopus жана Web of Science маалымат базасына кирген америкалык журналдарда 6 илимий макала жарыялаган. Алардын ичинен 1 макала II квартилде жана 66 процентилде чыккан. Учурда Хирш индекси = 4.

Алматин технологиялык университетинде 1 PhD докторантка (Есенгазиева Алия) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 1 аспирантка (Абдыкалыкова Саламат, Бишкек шаары) расмий жетекчилик кылат.

Ошондой эле «Биотехнология» билим берүү программасы боюнча PhD доктордук диссертациялык кеңештин мүчөсү (Түштүк Казакстан мамлекеттик университети, Шымкент шаары).


Приёмная: 54-43-65

Телефон: 0700 574 165

Кабинет: 1/213

e-mail: k.akbanova@kstu.kg

Гр.работы: 9:00-17:00

Стаж работы: 32

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар