Практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы
- Университеттин ишканалар, уюмдар, мекемелер жана коммерциялык түзүмдөр менен өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт, ошондой эле окуу жылына бекитилген практика графигине ылайык окуу практикасын уюштурууда кафедралардын ишин координациялайт.
- Ишканалар жана уюмдар менен өндүрүштүк жана диплом алдындагы практиканы өткөрүү боюнча келишимдерди түзөт.
- Кафедралардын тармактык кеңешинин ишине катышат.
- Шаардык жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы менен кызматташат, алынган маалыматтарды КГТУнун студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жайылтат.
- Студенттерге, бүтүрүүчүлөргө жана иш берүүчүлөргө төмөнкү кызматтарды көрсөтөт: бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды уюштуруу (резюме түзүү, коштомо кат жазуу, интервьюдан ийгиликтүү өтүү боюнча окутуучу семинарлар, ролдук оюндарды камтуу менен, мастер-класстар, ошондой эле карьера күндөрү, бош орундар жарманкеси ж.б.).
- И. Раззаков атындагы КГТУнун бардык бүтүрүүчү кафедраларында жана институттарында бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу абалын көзөмөлдөө боюнча жыл сайын мониторинг жүргүзөт.
- Кадрларга болгон муктаждыктарды аныктайт жана болжолдойт, талап кылынган адистиктердин жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларынын тизмесин түзөт.
- Жумуш издеп жаткан бүтүрүүчүлөрдөн анкета толтуруу, резюме түзүү, электрондук маалымат базасын жаңылоо аркылуу маалыматтар банкын түзөт.
- Бүтүрүүчүлөрдү иш берүүчүлөр сунуштаган бош орундардын базасы, стажировкалар менен тааныштырат, ошондой эле ЦПиКке түз кайрылган иш берүүчүлөрдөн түшкөн сунуштардын негизинде топтолгон бош орундар базасы менен камсыз кылат.
- Акыркы курстун студенттерин белгилүү бир ишкана, кызматтын өзгөчөлүгү жана иш берүүчүлөрдүн талаптары менен кенен тааныштыруу максатында иш берүүчүлөрдүн жумушка орноштуруу боюнча комиссияларынын ишине катышат.
- Практиканын бардык түрлөрүн уюштуруу боюнча бүтүрүүчү кафедралардын иштерин координациялайт.
- Окуу-усулдук башкармалык менен биргеликте жаңы кабыл алынган студенттер үчүн багыт берүү жумалыгын уюштурууга жана өткөрүүгө катышат.
Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларды уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо жана жумушка орноштуруу маселелери боюнча Бишкек шаарынын, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ишканалары, уюмдары жана мекемелери менен узак мөөнөттүү ишкердик байланыштарды түзөт.

