Материалдык-техникалык база
Кафедра билим берүү программалары боюнча сабактарды өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган.
Метрология, 2/435-аудитория
Лаборатория заманбап өлчөө жана жардамчы приборлор менен жабдылган, алар окуу жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет: мультиметрлер, сигнал генераторлору, осциллографтар, өлчөө иштерине арналган жардамчы каражаттардын топтомдору.
Информатика, 2/101, 2/305, 2/435, 2/424-аудиториялар
Информатика класстары персоналдык компьютерлер, тармактык жабдуулар, мониторлор жана перифериялык түзмөктөр, проекторлор жана интерактивдүү такталар, ошондой эле операциялык системалар, кеңсе тиркемелери, программалоо чөйрөлөрү, маалымат базалары, тармактык технологиялар жана маалыматты коргоо боюнча заманбап программалык камсыздоо менен жабдылган.
Компьютердик графика жана моделдөө, 2/101, 2/303-аудиториялар
Компьютердик графика жана моделдөө лабораториясы графикалык планшет, 3D-принтерлер, лазердик кескич, вакууматор, ошондой эле 2D/3D-графика, моделдөө, визуалдаштыруу жана анимация үчүн заманбап программалык камсыздоо (Adobe Photoshop, CorelDRAW, SolidWorks ж.б.) менен жабдылган.
Электроника жана электротехника, 2/435, 2/303-аудиториялар
«Электроника жана электротехника» дисциплинасы студенттердин практикага багытталган окутуусун жана эксперименталдык даярдыгын камсыз кылган адистештирилген лабораториялык база менен жабдылган:
- окутуу жана демонстрациялык стенддер аналогдук жана санариптик электроника боюнча;
- дискреттик жана интегралдык электрондук компоненттердин топтомдору;
- өлчөө жана көзөмөл жабдуулары: осциллографтар, мультиметрлер, сигнал генераторлору, лабораториялык кубат булактары;
- басма такталарды (PCB) жасоо жана травление үчүн комплекттер.
Микропроцессордук системалардын техникасы, 2/435-аудитория
«Микропроцессордук системалардын техникасы» лабораториясы микроконтроллерлердин окуу стенддери жана макеттери, Arduino жана AVR микроконтроллер платалары, Arduino-роботтор, программаторлор жана отладка түзмөктөрү, сенсорлордун жана аткаруучу модулдардын комплекттери, өлчөө приборлору менен жабдылган.
Бул материалдык-техникалык база студенттерге дисциплинаны толук өздөштүрүүгө, эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, микропроцессордук жана микроконтроллердик системаларды долбоорлоого жана программалоого мүмкүндүк берет жана телематика адистерин даярдоонун заманбап талаптарына жооп берет.
ТАУ дисциплинасы. «Программалоочу логикалык контроллерлер (ПЛК)» лабораториясы, 2/424-аудитория
«Программалоочу логикалык контроллерлер (ПЛК)» дисциплинасы боюнча окуу процессин уюштуруу үчүн кафедрада теориялык жана практикалык сабактарды жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап материалдык-техникалык база бар:
- ар кандай өндүрүүчүлөрдүн (Siemens, Schneider, Allen-Bradley ж.б.) ПЛК окуу стенддери менен жабдылган адистештирилген лабораториялар, программалоо жана логикалык автоматташтырууну өздөштүрүү үчүн;
- STEP 7, TIA Portal, CODESYS сыяктуу ПЛК программаларын иштеп чыгуу жана симуляциялоо үчүн программалык камсыздоо;
- ПЛК лабораториялык стенддерине туташтырылган заманбап ПК менен жабдылган компьютердик класстар.
Бул материалдык-техникалык база студенттерге дисциплинаны практикада өздөштүрүүгө, технологиялык процесстерди башкаруу программаларын ар кандай ПЛК жана платформалар менен иштеп чыгууга жана сыноого мүмкүндүк берет, ошондой эле автоматташтыруу жана телематика тармагындагы адистерди заманбап өнөр жай талаптарына ылайык даярдоону камсыз кылат.
«Реалдуу убакыт системалары (Raspberry Pi негизинде)»
«Реалдуу убакыт системалары» дисциплинасын ишке ашыруу үчүн кафедра Raspberry Pi негизиндеги бир такталык компьютерлерде реалдуу убакыт системаларын түзүү жана программалоо принциптерин үйрөнүүгө мүмкүндүк берген материалдык-техникалык базага ээ:
- ар түрдүү модификациядагы Raspberry Pi бир такталык компьютерлери менен жабдылган окуу лабораториялары;
- перифериялык модулдар жана кеңейтүүлөр: сенсорлор, аткаруучу түзмөктөр, киргизүү-чыгаруу модулдары, интерфейстик платалар;
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана отладкалоо чөйрөлөрү (Python, C/C++, GCC, IDE жана алыстан отладка куралдары);
- убакыт мүнөздөмөлөрүн жана интерфейстердин ишин талдоо үчүн өлчөө жабдуулары.
Бул материалдык-техникалык база студенттерге Raspberry Pi негизиндеги реалдуу убакыт системаларын иштеп чыгууга, жөндөөгө жана сыноого, встраиваемый жана телематикалык системалар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга жана автоматташтыруу жана телематика тармагындагы заманбап талаптарга шайкеш даярдоону камсыз кылат.

