Кыдыралиев Нурлан Насирдинович

Окуу башкармалыгынын башчысы

• Башкармалык кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүп, алардын эффективдүү иштөөсүн камсыз кылат.

• Окутуу пландарынын шаблондорун иштеп чыгат, жумушчу окуу пландарын түзөтөт жана алардын аткарылышын, билим берүү программаларынын (ББП) ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

• Институттар, жогорку мектептер жана колледждер боюнча окуу жүгүн эсептөөнү жана кафедралар тарабынан педагогикалык курамдын (ПК) жүгүн өз мөөнөтүндө бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт.

• Окуу жүгүн бөлүштүрүүнү көзөмөлдөп, ПКнын оптималдуу штаттык бирдиктерин түзүүгө шарт түзөт.

• Кафедра окутуучуларынын окуу жүгүн аткаруусун талдап, анализдин жыйынтыктарын АИ боюнча проректорго сунуштайт.

• Университеттин сааттык фондунун түзүлүшүн жана анын рационалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт.

• Окуу бөлүмүнүн иштеринин пландарын иштеп чыгып, АИ боюнча проректорго бекитүүгө берет жана алардын так аткарылышын камсыз кылат.

• Окуу бөлүмүнүн баардык документациясынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт.

• Окуу процессинин календардык графигин түзүп, анын аткарылышын көзөмөлдөйт.

• Студенттердин кыймылы боюнча эсеп жүргүзөт.

• Окуу бөлүмүнүн документациясын номенклатурага ылайык жүргүзүү, аларга кызматтык гана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана сакталуу талаптарын аткарууну уюштурат жана көзөмөлдөйт.

• Институттар, жогорку мектептер жана филиалдар тарабынан сабактардын, экзамендердин, консультациялардын жана студенттердин өз алдынча ишинин расписаниесин өз убагында жана сапаттуу түзүлүшүн, аудиториялык фондду рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууну уюштурат жана көзөмөлдөйт.

• Жаңы окуу жылына даярдык үчүн аудиториялык жана лабораториялык фонддун, кафедралардын материалдык-техникалык базасынын абалын көзөмөлдөйт жана мезгил-мезгили менен текшерип турат; аудитория фондунун жүктөлүшүн көзөмөлдөйт.

• МАКтың курамдарын бекитүү үчүн төрагалардын жана мүчөлөрдүн талапкерлигин даярдоо иштерин уюштурат жана көзөмөлдөйт.

• МАКтын ишинде графиктердин, тиешелүү жоболордун талаптарынын сакталуусун, сапаттуу өткөрүлүшүн, документтештирилишин, жыйынтыктарынын чыгышын жана отчеттордун берилишин камсыз кылат.

• Студенттердин баардык түрдөгү практикаларын көзөмөлдөйт.


Кабинет: 1/203

Гр.работы: 9.00-17.45

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар