Инженер - программист УУ
Кызматтык милдеттери:
AVN маалыматтык системасын жакшыртуу максатында окуу процессин уюштурууга байланыштуу маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана берүү процесстерин интеграциялоо жана автоматташтыруу боюнча иштерди көзөмөлдөө.
Деканаттардын жана кафедралардын нормативдик документтеринин (баллдык журналдар, каттоо барактары) жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө.
AVN маалыматтык системасын коштоп жүрүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.
AVN системасын колдонуу боюнча кызматкерлерге консультация берүү.
AVN маалыматтык системасынын жаңы версияларын жаңыртуу, керектүү таблицаларды жана отчетторду кошуу.
AVN системасынын бардык программалары, каттоо (кайра каттоо) тартиби жана билим берүү порталы менен иштөө жана аларды көзөмөлдөө.
Бардык кафедралардын пландуу жүктөмүн тууралоо.
Кызматкерлерди каттоо (логин, пароль) жана алардын эсептик жазууларын блоктон чыгаруу.
Академиялык календарга ылайык ведомостторго баа коюу үчүн жеткиликтүүлүктү ачуу графигин түзүү.
AVN маалыматтык системасында пайда болушу мүмкүн болгон техникалык каталарды ыкчам түрдө жоюу.
Студенттердин каттоосун жана алардын предметтер боюнча кредиттерин окуу планына ылайык тууралоо.

