Окуу-усулдук иш
кадемик А. Жайнаков атындагы «Маалыматтык системалар жана технологиялар» кафедрасынын методикалык иши — бул окуу процессин камсыздоого, окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга, студенттердин аудиториялык, практикалык жана өз алдынча иштерин өркүндөтүүгө, ошондой эле жогорку окуу жайындагы окуу иштеринин бардык формаларын, түрлөрүн жана ыкмаларын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Методикалык иштин негизги максаты — бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо жүрүп жаткан кафедрада окуу процессинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн шарттарды түзүү.
Кафедранын методикалык ишинин негизги милдеттери:
- Окуу дисциплиналарынын түзүмүн жана мазмунун оптималдаштыруу;
- Окуу сабактарын өткөрүү методикасын өркүндөтүү;
- Кафедра ичинде сабактарга бири-бирине катышууну уюштуруу;
- Окуу сабактарын окуу-методикалык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону өнүктүрүү.
Кафедранын методикалык ишинин формалары:
- Окуу пландарын иштеп чыгууга катышуу;
- Кафедранын дисциплиналары боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- Кафедранын дисциплиналары боюнча окуу-методикалык куралдарды жана көрсөтмө куралдарды даярдоо.
Шилтемелер

