Материалдык-техникалык база

   «Компьютердик лингвистика» кафедрасы студенттердин лабораториялык, практикалык, дисциплинардык жана дисциплиналар аралык даярдыктын бардык түрлөрүн жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жетиштүү материалдык-техникалык базага ээ, бул кесиптик жана изилдөө компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк берет. Кафедранын учурдагы материалдык-техникалык базасы окуу планында каралган лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактардын бардык түрлөрүн өткөрүүнү камсыз кылат. Кафедранын окуу кабинеттери жана аудиториялары окуу жабдыктары, окуу куралдары, ошондой эле тиешелүү программалык камсыздоосу бар заманбап компьютерлер менен жабдылган.

Кафедрада 2 компьютердик класс жана студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн методикалык кабинет бар 2/314(б). Кафедранын компьютердик класстары санитардык жана өрткө каршы эрежелерге жана нормаларга жооп берет. Паспорттору, ошондой эле коопсуздук техникасы жана өрт коопсуздугу боюнча нускамалар бар. Кызматкерлердин жана студенттердин коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн кафедра башчысы лаборатория башчылары менен бирдикте ТБ жана ӨК боюнча үзгүлтүксүз инструктаж өткөрүп турат. Жаңы кызматкерлер менен ТБ жана ӨК боюнча баштапкы инструктаж өткөрүлөт, тиешелүү жазуулар камтылган журнал бар (КМТУнун ректору тарабынан бекитилген Өрт коопсуздугу боюнча нускамага жана Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамага ылайык).

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар