Прошел семинар на кафедре «Геодезия и геоинформатика»
Кафедра «Геодезия и геоинформатика» кафедрасында семинар болуп өттү
Кафедрада «Геодезия жана геоинформатика» КИСИ им. Н.Исанова Кыргызский государственный технический университет алдында
«PhD докторанттардын илимий изилдөөлөрүндө геодезиянын, аралыктан байкаштыруу жана ГИСтин заманбап технологиялары» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарга «Геодезия жана аралыктан байкаштыруу», «Картография жана геоинформатика» багыттарынын окутуучулары, аспиранттары, докторанттары жана магистранттары катышты.
Биринчи окуу жылындагы докторанттар Ли Цуйцуй, Ли Фей жана Норузбаев К.Ч. презентация менен чыгып сүйлөштү. Алар өздөрүнүн илимий темаларын, изилдөө максат-милдеттерин, иш пландарын жана күтүлүүчү жыйынтыктарын тааныштырышты.
Семинар учурунда катышуучулар докторанттарга суроолорду берип, сунуш-пикирлерин айтышты. Айрыкча, Ли Цуйцуй менен Ли Фей келген Кытайдын Сычуань провинциясы тоолуу аймак болуп, жол жана туннель курууда Кыргызстандагыдай татаал шарттарга ээ экени катышуучулар үчүн кызыктуу болду.
Норузбаев К.Ч. Бишкек шаарындагы бийик кабаттуу имараттар менен инженердик курулмалардын деформациясын изилдөө боюнча илимий пландары менен бөлүштү. Катышуучулар белгилегендей, бул багытта Кыргызстанда изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес жана мындай иштер курулуш тармагы жана өлкө тургундары үчүн абдан пайдалуу болот.
Семинардын соңунда катышуучулар докторанттарга окууда жана илимий ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалашты.

