Имараттарды долбоорлоо, куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш» кафедрасынын техникалык илимдердин доктору, профессор
Билими:
1985–1993-жж. — Фергана политехникалык институту.
Адистиги: «Өнөр жай жана жарандык курулуш».
2006-ж. 29-ноябрында “Татаал тоо-геологиялык шарттардагы өнөр жай жардырууларында топурактын жана курулуштардын термелүүлөрүн изилдөө маселелери” темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, Өзбекстан Республикасынын Фанлар академиясынын М.Т. Уразбаев атындагы механика жана курулуштардын сейсмологиясы институтунан техника илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган.
24.06.2010-ж. — «Имараттар жана курулуштар» кафедрасы боюнча доцент илимий наамы берилген.
31.10.2023-ж. — “Көп кабаттуу имараттардын сейсмикалык жана өрт коопсуздугун камсыздоонун теориялык жана эксперименталдык негиздерин өркүндөтүү” темасында доктордук диссертация корголгон.
06.01.2024-ж. — техника илимдеринин доктору даражасы ыйгарылган.
Эмгек тажрыйбасы жана кесиптик көндүмдөрү:
1993–1994-жж. — “Курулуш өндүрүш технологиясы” кафедрасынын ассистенти, Фергана политехникалык институту.
1994–1996-жж. — Менеджмент кафедрасынын ассистенти, Фергана политехникалык институту.
1996–1999-жж. — Курулуш факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары.
1999–2002-жж. — Фергана политехникалык институтунун студенттер кеңешинин төрагасы.
2002–2006-жж. — Курулуш факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары.
2006–2008-жж. — “Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын улук окутуучусу.
2008–2011-жж. — Ички көзөмөл жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы.
2011–2019-жж. — Энергетика факультетинин деканы.
2019–2021-жж. — Курулуш факультетинин деканы.
2021–2022-жж. — Наманган инженердик–курулуш институтунун доценти.
2022-ж. – азыркы убакытка чейин — Фергана политехникалык институтунун «Имараттар жана курулуштар» кафедрасынын доценти.
Илимий ишмердүүлүк:
«Курулуш ресурстарын оптималдаштыруу аркылуу имараттардын жана курулуштардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо» багыты боюнча илимий мектептин жана илимий багыттын жетекчиси.
Илимий эмгектери турак жай имараттарынын бышыктыгы, туруктуулугу жана сейсмотуруктуулугу маселелерине арналган.
133төн ашуун илимий эмгектин автору, алардын ичинен 8 монография, 6 патент бар.
16 магистрди даярдаган, ошондой эле докторанттар менен изденүүчүлөргө илимий жетекчи.

