Материалдык - техникалык база

Материалдык - техникалык база

«Курулуш механикасы жана гидротехникалык курулуш» кафедрасына бекитилген бөлмөлөрдүн тизмеси: Кафедрага төмөнкү бөлумдөр бекитилген.

Кафедранын 2 окуу лабораториясы, 1 практикалык дарскана жана 1 лекциялык дарскана бар.

  • дарскана  – 3/411  34м2 кафедранын профессордук окутучулар курамы үчүн;
  • дарскана - 3/412 34м2 «Материалдардын каршылыгы»  сабагынан лабораториялык иштерди өткөрүүчү үчүн;
  • дарскана  - 3/413 72м2 «Курулуш механикасы», «Теоретикалык механика», «Материалдардын каршылыгы», «Колдонмо мехника» дисциплиналары боюнча лекцияларды окуу үчүн;
  • дарскана - 1/02 36м2 ВР жана ГТС профилдери үчүн практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн;
  • дарскана -1/03 40м2  «Материалдардын каршылыгы»  сабагынан лабораториялык иштерди өткөрүүчү үчүн.

 

           Окуу процессинин адистештирилген лабораториялык жана мультимедиялык жабдуулар менен камсыздалышы кафедранын дисциплиналарынын программалык материалдарын окуп үйрөнүүнү толук камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 2019- жылдын февраль айында аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Джусупова Махабат Абдысадыковна кафедрага «Материалдардын каршылыгы» лабораториясына виртуалдык программалык комплекс тапшырып берди. Программалык комплекс «Материалдар каршылыгы» курсу боюнча лабораториялык иштерди өткөрүүгө арналган. Лабораториялык практикумдун курамы «Материалдар каршылыгы» курсунун негизги бөлүмдөрүнүн чоюлуунун, толгонуунун, ийилүүнүн, чыңалуу абалынын теориясын, бекемдик теориясынын, туруктуулуктун, динамикалуу күчтөрдүн лабораториялык иштерин камтыйт. Көп платформалуу виртуалдык лабораториялык практикум ар кандай эсептөөчү түзүлүштөрдө, смартфондордо, планшеттерде, компьютерлерде пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул, өз кезегинде билим берүүнү маалыматташтыруунун мобильдүүлүгүн, ыңгайлуулугун жогорулаткан деңгээлге шайкеш келет.

2018 – 2019 – окуу жылында «Материалдардын каршылыгы» дисциплинасы боюнча лабораториялык иштерди аткаруу үчүн 5 лабораториялык стенд калыбына келтирилди.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар