Тарбия иштер
Окуу - тарбиялык иштер
Кафедранын иш планы окуу жылынын башында түзүлүп жана кафедранын отурумунда бекитилет.
Иш план кафедрада жүргүзүлгөн иштин бардык түрлөрүн (кафедранын отурумунун планын, окуу - усулдук иштеринин планын, илимий изилдөө - иштеринин планын, кафедраны өнүктүрүүнүн комплекстүү планын) камтыйт.
Иш пландарынын пункттарынын аткарылышы ай сайын кафедранын отурумдарында каралат.
Тарбия иштери топтордун кураторлору тарабынан кафедранын түзүлгөн иш планынын негизинде ишке ашырылат, алар директордун буйругу менен алардын квалификациясын, иш тажрыйбасын, ошондой эле топтор менен иштөө каалоосун эске алуу менен дайындалат. Кураторлор окуу жылынын башталышында бекитилген иш планына ылайык өз иштерин пландаштырышат жана уюштурушат.
Тарбиялык иштердин негизги багыттары: тарбия иштери, окуу тайпаларындагы уюштуруу иштери, студенттерди патриоттукка тарбиялоо, мамлекеттик тилди даңазалоо, окуучуларга адеп - ахлактык жана эстетикалык тарбия берүү, сергек жашоо образын жайылтуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар. Куратордук иштердин планы түзүлүп, кафедранын отурумунда бекитилет. Текшерүү кафедра башчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Кафедра жана кураторлор студенттер менен тарбиялык иштерди куратордук сааттарды өткөрүү аркылуу жүргүзүшөт. Алар студенттердин сабакка катышуусун, жетишкендиктерин, топтук журналдарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөшөт.
Окуу жылынын башында кафедранын окуу топторуна кураторлорду дайындоо жүргүзүлүп, институттун буйругу менен бекитилет.
КМжГТК кафедрасынын тарбия иштери боюнча куратордук иш пландары
- 2023-2024 жылынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- 2024-2025 жылынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ВРб1-24 групассынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ГТС б1-24 тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ВР б1-22 групассынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ВР б1-21 групассынын тарбия иштери боюнча куратордук планы