Эл аралык кызматташтык

Колдонмо илимдер университети, Германия - Westschsische жогорку мектеби жана И.Раззаков атындагы КМТУ ортосунда «Гидроэлектроэнергетика» адистиги боюнча студенттерди даярдоо, ошондой эле студенттер менен алмашуу, окутуучу-профессордук курамдын квалификациясын жогорулатуу, жарыялар жана илимий маалыматтар менен алмашуу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. 

Минбардын эл аралык байланыштары:

  • Кассел техникалык университети (Германия);
  • Бойт атындагы Берлин техникалык университети (Германия);
  • Цвикау Батыш-Саксон колдонмо илимдер университети (Германия);
  • Гансу жаратылыш энергиясы боюнча ИИИ (КЭР);
  • Москва энергетикалык институту (Орусия);
  • Томск политехникалык университети (Орусия);
  • Алмата энергетика жана байланыш университетит (Казахстан);
  • Ташкент мамлекеттик техникалык университети (Өзбекстан);
  • Таджикистан энергетика институту;
  • "Женерал электрик" компаниясы (США);
  • USAID "Келечек энергиясы" Регионалдык программасы (США);
  • Индия, Болгария, Казакстан, Өзбекстан ж.б. илимий изилдөө борборлору.

Энергиянын альтернативдүү булактары лабораториясында DAAD программасынын өкүлдөрү менен жайкы мектеп окуучулары сабак өтүшөт. Окуу жылынын жүрүшүндө энергиянын альтернативдүү булактары лабораториясын Тажикстан, Орусия, Германия, Өзбекстан, Казакстан, Белорусия сыяктуу чет мамлекеттеринин делегаттары келип кетишти.

                    

Бойт атындагы Берлин техникалык университети (Германия)

Штутгартдагы жалпыга мааламат каражат жогорку мектеби

Цвиккау Батыш-Саксон университети (Германия).

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Корея Республикасынын бир нече стратегиялык өнөктөштөрүнүн

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Корея Республикасынын бир нече стратегиялык өнөктөштөрүнүн, анын ичинде HS Solar Energy Co., Ltd., Чунгбук Технопаркы жана Ыраакы Чыгыш университетинин (Корея Республикасы), ошондой эле MK Invest LLC (Кыргызстан) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ энергетикалык технологиялар, кайра жаралуучу энергия булактары, энергия сактоо системалары, электротехника, акылдуу тармактар ​​жана башка тиешелүү инженердик тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары биргелешкен изилдөө жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык жана билим берүү өнөктөштүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн окутуу программаларын, стажировкаларды жана академиялык мобилдүүлүктү киргизүү болуп саналат.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар