тарбиялык иштер
Философия жана социалдык илимдер кафедрасынын окутуучулары И.Разааков атындагы КМТУнин студенттери менен төмөнкү темалардын айланасында тарбиялык иштерди алып барышат:
- Жаштар жана Массалык маалымат каражаттары (тегерек стол).
- Азыркы турмушубузда диндин орду жана ролу (тегерек стол).
- Маданияттуу адам жана маданияттын адамы деген түшүнүкө
жаштардын көз карашы (дил маек).
- Ата-мекенди сүйүү жана атуулдук дегенди кандай түшүнөбүз?
(дил маек).
Кафедранын окутуучулары аптасына бир жолу студенттер менен бирдикте борбор калабыздагы маданий эс алуучу жайларга: театрларга, музейлерге, көргөзмөлөргө барып турушат.
Мекенге болгон атуулдук сезимдерин арттыруу ниетинде, тарыхый жайларыбызга (Ата-бейит, Бурана, Манас айылы ж.б) экскурсияга алып барышат. Андан сырткары Мекенибизге орчундуу эмгек өтөшкөн атуулдарыбыз менен жолугушууларды өткөзүп турушат.