Илимий-изилдөө иштер
«ЖМ» кафедрасында көп кырдуу илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп, ага профессордук-окутуучулар жамааты активдүү катышууда. Мугалимдер жыл сайын илимий конференцияларга жана семинарларга катышып, илимий макалаларды жарыялап, изилдөөлөр боюнча докладдарды даярдашат.
Изилдөө материалдары макалалар түрүндө Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Scopus илимий журналдарында жарыяланган, көптөгөн республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларда баяндалган.
Кафедранын негизги илимий багыттары:
Деформациялануучу катуу дененин, суюктуктун, газдын жана плазманын механикасы;
Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдуу башкаруу;
Математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы;
Математикалык физиканын начар жана тескери маселелери.
Илимий-изилдее иштери жигердуу жургузулуп жатат. Осмонканов А.М. мамлекеттик бюджеттин илимий-изилдөө долбоору боюнча «Жеткичтердин бекемдиги жана катуулугу үчүн негизги элементтерди, анын ичинде формалык эс тутум эффектиси бар элементтерди түзүү» боюнча иш алып барат. Алабекова Ч.А. мамлекеттик бюджеттин темасына катышат: «ЗУниф жаны категориясынын теориясын иштеп чыгуу» 2 млн. сомду түздү.