Мектептеги тамактануу боюнча Республикалык компетенциялар борбору

Мектептеги тамактануу боюнча Республикалык компетенциялар борбору

Кыргызстандын окуу жайларынын ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору 2022-жылдын 3-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ БДАТП) демилгеси менен түзүлгөн. Борбор Россия өкмөтүнүн каржылык жана Россиянын тармактык тамактануу институтунун (SIFI) техникалык колдоосу менен ишке киргизилди.

РКБ өлкөдө мектеп тамак-ашынын улуттук программасын туруктуу жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ашпозчуларды, ашкана кызматкерлерин жана мектеп тамак-ашын уюштурууга катышкан кызматкерлерди окутуу жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу максатын көздөйт. Борбор эл аралык мыкты тажрыйбаларды, акыркы технологияларды жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен туура тамактанууну жайылтат жана мектеп тамактарынын сапатын жогорулатат.

Республикалык компетенция борбору бизге алдыңкы тажрыйбаны өлкө боюнча жайылтууга, жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жана Улуттук мектеп тамак-аш программасынын аткарылышын жана сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле башка окуу жайларына тамактануу программасын жайылтуу үчүн баштапкы чекит катары кызмат кылат.

Республикалык компетенция борбору лекциялык аудитория жана окуунун катышуучулары алган билимдерин бекемдей турган өндүрүштүк базалар менен жабдылган.

Мектептердин тамак-ашын оптималдаштыруу программасы ишке киргизиле турган мектептердин жана башка билим берүү мекемелеринин ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери БУУ БДАТП жана SIFIнин техникалык колдоосу менен Республикалык компетенция борбору тарабынан иштелип чыккан   программалар жана усулдар боюнча окутулат

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар