Абитуриенттерге
Урматтуу абитуриенттер!
Бишкек техникалык колледжи сиздерге ар түрдүү тармактарда ийгиликке жана туруктуу кирешеге жеткирген адистиктерди тандоого кеңири мүмкүнчүлүк берет! Биздин адистиктер мурда да актуалдуу болгон, азыр да актуалдуу жана келечекте да суроо-талапка ээ, жогорку маяналуу жана кызыктуу бойдон кала берет.
Азыркы учурда колледж машина куруу, энергетика, тоо-кен иши, IT тармагы жана экономика багыттары боюнча адистерди даярдайт.
Колледждеги окуу процесси жогорку квалификациялуу окутуучулар тарабынан уюштурулат. Окуу жай заманбап жабдылган кабинеттерге, лабораторияларга жана компьютердик класстарга ээ болуп, адистерди жогорку деңгээлде даярдоого бардык шарттарды түзөт. Биз өлкөнүн алдыңкы ишканалары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барабыз: «НЭСК» ААК, «Электр станциялары» ААК (Бишкек ЖЭБи), «Северэлектро» ААК, «KAZ Minerals Bozymchak» ЖЧК, «Интергласс» ЖЧК, «Скайнет Телеком» ЖЧК жана Бишкек шаары менен Кыргыз Республикасынын башка көптөгөн ишканалары.
Ошондой эле төмөнкү окуу жайлар менен кызматташабыз: Ж.Я. Котин атындагы Машина куруу академиясы (Санкт-Петербург), КГУСТА, Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы, И. Раззаков атындагы КМТУ.
Колледжде өткөн студенттик жылдар сиздердин эс тутумуңуздарда кызыктуу, мазмундуу жана жаркын окуялар менен сакталат.
Ар бир абитуриент өзүнүн мүнөзүнө, жашоо образына, темпераментине жана ой жүгүртүүсүнө ылайык адистикти жана кесипти таба алат.

