Абитуриентке
УРМАТТУУ АБИТУРИЕНТТЕР!
Урматтуу абитуриенттер!
Транспорт жана робототехника институту И. Раззаков атындагы КМТУнун эң байыркы факультети — Транспорт жана машина куруу факультетинин базасында түзүлгөн. Дал ушул факультеттин 1954-жылдагы негизделиши менен кийинчерээк Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине айланган Фрунзе политехникалык институтунун тарыхы башталган.
Институттун билим берүү ишмердүүлүгү төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоого багытталган:
* автомобиль транспортун эксплуатациялоо;
* автоматташтыруу жана робототехника;
* мехатроника;
* логистика жана транспортту башкаруу;
* жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
* транспорттогу бажы иши;
* стандартташтыруу жана метрология.
Сапаттуу билим — бул адамдын бүткүл өмүр бою топтогон эң баалуу капиталы. Институт суроо-талапка ээ адистерди даярдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ: профессордук-окутуучулук курамдын жогорку илимий жана педагогикалык деңгээли, заманбап окуу аудиториялары жана илимий-изилдөө лабораториялары.
Биздин институттун бүтүрүүчүлөрү — ири ишканалардын, тейлөө борборлорунун жана автопарктардын жетекчилери, ошондой эле белгилүү саясатчылар жана ийгиликтүү ишкерлер.
Эгерде сиздер сапаттуу билим алууну жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууну кааласаңыз — биз сиздерди Транспорт жана робототехника институтунда күтөбүз!
Биздин институт 5 багыт боюнча кабыл алууну жүргүзөт:
670200 - ТРАНСПОРТ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА КОМПЛЕКСТЕРИН ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО;
670300 - ТРАНСПОРТТУК ПРОЦЕССТЕРДИН ТЕХНОЛОГИЯСЫ;
700300 - ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИ ЖАНА ТАРМАКТАРДЫ АВТОМАТТАШТЫРУУ (ТАРМАК БОЮНЧА);
700500 - МЕХАТРОНИКА ЖАНА РОБОТОТЕХНИКА;
700600 - СТАНДАРТИЗАЦИЯ ЖАНА МЕТРОЛОГИЯ (ТАРМАК БОЮНЧА);
Окутуу күндүзгү, сыртан жана дистанттык формада жүргүзүлөт:
күндүзгү – 4 жыл
сыртан – 5 жыл
колледжей жана техникумдан кийин: күндүзгү – 3 жыл, сыртан – 4 жыл
дистантык — 5 жыл
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бюджеттик жана контракттык түрдө билим алуу каралган (кошумча предметтик тест физика же математика).

