доцент
1988-жылы Ю. Ахунбабаев атындагы Ташкент текстиль жана жеңил өнөр жай институтун "Тигүү буюмдарынын технологиясы" адистиги боюнча бүтүргөн.
1989-жылдан баштап 1-Май атындагы тигүү ишканасында иштеген.
1995-жылы "Тигүү буюмдарын технологиясы жана конструкциялоо" кафедрасына окутуучу болуп кабыл алынган.
2004-жылы ушул эле кафедрага улук окутуучу болуп которулган.
2010-жылы доценттик кызматка которулган.
2019-жылы конкурстан өтүп, доценттик кызматка которулган.
Жалпы иш стажы – 37 жыл, илимий-педагогикалык иш стажы – 31 жыл.
20дан ашык методикалык көрсөтмөлөр жана илимий макалалар иштелип чыгып, жарыяланган, анын ичинде кыргыз тилинде 3 окуу куралы, КР Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген 2 окуу куралы, көлөмү 4,0 басма бет. 2016-2017-окуу жылында «Мыкты ОУК» конкурсуна катышып, катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болгон. Факультеттер аралык «Сармерден» конкурсуна активдүү катышып, сертификатка ээ болгон. Отунчиева А.К. тандалган багытта илимий изилдөөлөрдү улантууда. Илимий-техникалык конференцияларда жана семинарларда жыйынтыктарды үзгүлтүксүз баяндайт, басма сөздө жарыялайт.
Илимий иштин багыты:
«Кыргыз улуттук кийими: мурас жана өнүгүү»
Сыйлыктары:
- Эмгек китепчесине жазуу менен ыраазычылык,
- И.Раззаков атындагы кмтунун Ардак грамотасы;
- КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы,
- И.Раззаков атындагы кмтунун 60 жылдык юбилейине карата юбилейлик медалы;
- Билим берүүнүн отличниги,
- Доцент наамы,
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылыгы.
Окутулган дисциплиналар:
- Тигүү буюмдарынын технологиясы;
- Тигүү ишканаларынын машиналары жана аппараттары;
- Тармактын технологиясы;
- Тигүү өндүрүшүнүн технологиясы;
- Курстук долбоорлорго жетекчилик кылат;
- Дипломдук квалификациялык ишке жетекчилик кылат.
Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
1.Google Scholar: Ainura Otunchieva
2. ORCID: 0000-0001-8787-8016
3. ResearherID Web of Science: U-8823-2017

