Кафедранын долбоорлору

DAAD менен кызматашуу

DAAD (Германиялык академиялык алмашуу кызматы) — чет өлкөлүк студенттерге, магистранттарга, докторанттарга жана адистерге Германиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн стипендияларды сунуштаган немис уюму. Бул уюм элдерди илим жана билим аркылуу байланыштырат.

Азыркы учурда DAAD студенттердин жана окумуштуулардын эл аралык академиялык алмашуусу боюнча лидер болуп саналат. Уюм 240 немис жогорку окуу жайын жана 131 студенттик уюмду камтып, тышкы маданий саясатта ортомчу катары иш алып барат жана Германиянын илим-билим саясатына олуттуу салым кошот.

«Менеджмент» кафедрасы бул уюм менен 1992-жылдан бери үзгүлтүксүз кызматташып келет. Кафедранын профессору Атантаев И.А. (ГДР мезгилинде конкурстан өтүп, бир жылдык илимий стажировкадан өткөн) DAADнын колдоосу менен Брауншвайг шаарында илимий стажировкада болуп, ошол учурда «Курулуш уюмдарынын экономикасы (КУЭ)» институту менен узак мөөнөттүү кызматташуу келишимин түзгөн.

Бул келишимдин алкагында төмөнкү багыттар боюнча макулдашууларга жетишилген:

  • билим берүү жана илим тармагындагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү;
  • адистерди даярдоону өркүндөтүү;
  • биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрүү;
  • илимий макалаларды жана окуу-методикалык адабияттарды жарыялоо;
  • студенттердин практикасын биргелешип уюштуруу.

Жыйынтыгында кафедранын он илимий макаласы Германияда немис тилинде жарык көргөн. Кафедра менен КУЭ институтунун биргелешкен семинарлары жана конференциялары өткөрүлгөн. Ошондой эле КУЭнин окутуучулары жана студенттери Кыргыз Республикасына келип, ФПИнин илимий жана билим берүү системасы менен таанышышкан.

Учурда кафедрада DAADнын ишмердүүлүгүнө арналган семинарлар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Жыл сайын кафедранын DAAD стипендиаттары жана активдүү окутуучулары DAAD тарабынан уюштурулган эл аралык илимий конференцияларга активдүү катышып келишет.

Кафедра мындан аркы DAAD менен кызматташууну приоритеттүү багыт катары эсептейт.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар