Муратбекова Чолпон Муратбековна

Улук окутуучу

Жогорку билим. 2015-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин (КМКТАУ) Кыргыз-герман факультетин «Автоматташтырылган системалардын маалымат коопсуздугун комплекстүү камсыздоо» адистиги боюнча бүтүргөн, квалификациясы — маалыматты коргоо боюнча адис.

2017-жылы Н. Исанов атындагы КМКТАУнун магистратурасын «Автоматташтырылган системалардын маалыматтык коопсуздугунун аудити» багыты боюнча аяктаган.

Педагогикалык стажы:
Жалпы үзгүлтүксүз педагогикалык стажы — 10 жыл.

Эмгек ишмердүүлүгү:
— 2015–2022-жж. — КМКТАУнун «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасынын окутуучусу;
— 2015–2016-жж. — «Финансы жана кредит» колледжинин окутуучусу;
— 2022-жылдан бери — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасынын окутуучусу, кафедра башчысынын орун басары;
— 2025-жылдан бери — КМТУнун «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасынын улук окутуучусу.

Окуу-усулдук ишмердүүлүгү:
590100 «Маалыматтык коопсуздук» багыты боюнча бакалавр студенттери үчүн дисциплиналардын силлабустары жана окуу-усулдук комплекстери иштелип чыгып, окуу процессине киргизилген. Профилдик дисциплиналар боюнча лекцияларды окуп, лабораториялык сабактарды жогорку усулдук деңгээлде өткөрөт.

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү:
Төмөнкү темада илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт:
«Тематикалык интернет-ресурстардын маалыматтарын талдоонун негизинде маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын жана алсыз жактарын алдын ала божомолдоочу интеллектуалдык система».

Квалификацияны жогорулатуу: 10 квалификацияны жогорулатуу сертификатына ээ. 

Сыйлыктар: КМТУнун Ыраазычылык каты менен сыйланган.


Кабинет: кампус 2, 8/404

e-mail: cholpon.muratbekova@kstu.kg

Стаж работы: 11 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар