Тынышова Толгонай Дайырканкожоевна

Доцент

1995-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин «Физика кошумча информатика жана эсептөө техникасы» адистиги боюнча  аяктаган. Мугалим квалификациясы берилген. Диплом: АВ №02549, 04.06.1995-ж., Бишкек ш.

2022-жылдан бери физика-математика илимдеринин кандидаты.
«Фазалык чөйрөлөрдүн санарип голографиялык интерферометриясы» темасындагы кандидаттык диссертациясын 01.04.05 – оптика адистиги боюнча 2021-жылдын 21-октябрында академик Ж.Жеенбаев атындагы Физика институтунун (КР УИА) жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы Д01.21.633 диссертациялык кеңешинде коргогон (протокол №2, Бишкек ш.).
Илимий даражасы КР Улуттук аттестациялык комиссиясы  тарабынан 2022-жылдын 27-январында бекитилген (протокол №1к-1/2). Диплом: ИКД №002853, Бишкек ш.

Доцент илимий наамы КР Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиясы  тарабынан 2025-жылдын 2- октябрында «Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу» адистиги боюнча ыйгарылган (протокол №7дц-2/39), Бишкек ш.

Педагогикалык иш тажрыйбасы – жогорку окуу жайларында 14 жыл, анын ичинде КМТУда 8 жыл. Жалпы илимий-педагогикалык тажрыйбасы – 27 жыл.

Эмгек жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн негизги этаптары:

  • 30.10.1995–16.11.1998 – инженер, КР УИАнын Геология институту;

  • 16.11.1998–11.11.2001 – аспирант, КР УИАнын Геология институту;

  • 29.09.2003–06.02.2004 – инженер, КР УИАнын Геология институту;

  • 09.02.2004–21.12.2004 – инженер, КГТУ, «Колдонмо физика» кафедрасы;

  • 06.11.2007–02.09.2008 – инженер, КГТУ, «Колдонмо физика» кафедрасы;

  • 02.09.2008–02.09.2013 – окутуучу, КГТУ, «Колдонмо физика» кафедрасы;

  • 01.02.2016–30.06.2016 – окутуучу, КГУСТА, «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасы;

  • 13.09.2017–20.04.2022 – улук окутуучу, КГУСТА, аталган кафедра;

  • 20.04.2022 – доцент, КГУСТА, аталган кафедра;

  • 20.04.2022-жылдан азыркыга чейин – доцент, КГТУ, «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасы, Бишкек ш.

2–3-курстун студенттерине төмөнкү атайын дисциплиналар боюнча лекциялык жана практикалык сабактарды өтөт: «Сигналдарды санариптик иштетүү», «Маалыматты иштетүүнүн оптикалык ыкмалары», «Көп кызматтуу байланыш тармактары жана алардын коопсуздугу», «Техникалык оптика», «Оптикалык телекоммуникациялык системалар жана тармактар», «Оптикалык системалар жана тармактар».

Бүтүрүүчү квалификациялык иштерге жана магистрдик диссертацияларга жетекчилик кылат. Доцент кызматында иштеген жылдары жеке планга ылайык окуу, окуу-усулдук жана илимий иштерди толук көлөмдө аткарган.

Мамлекеттик бюджеттик жана чарбалык келишимдик илимий темаларга аткаруучу катары катышат. Тынышова Т.Д. жыл сайын илимий-техникалык конференцияларда баяндамалар менен чыгып келет (Фотоника жана маалыматтык оптика боюнча VII–XIV Эл аралык конференциялар, 2018–2025-жж.).

Квалификациясын      жогорулатуу       курстары:
– «Жасалма интеллект тармагындагы окутуучу» (2022-ж., Санкт-Петербург ш.);
– «Виртуалдык чөйрөлөрдө маалыматтарды сактоонун эсептөө коопсуз жана ишенимдүү ыкмалары» (2023-ж., Ставрополь ш.);
– «Билим берүүдө IT» (2023-ж., Бишкек ш.);
ошондой эле «Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздуктун азыркы абалы» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышкан.

Негизги илимий жана окуу-усулдук эмгектери

Жалпысынан 30га жакын илимий публикациясы бар, алардын ичинен 4төө Web of Science жана Scopus базаларында индекстелген мезгилдүү басылмаларда жарыяланган жана 5тен ашык окуу-усулдук эмгектердин автору.


Кабинет: кампус 2, 8/404

e-mail: tolgonai.tynyshova@kstu.kg

Стаж работы: 27 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар