Ниязов Н.Т.

Ниязов Нуридин Тажибаевич
И.Раззаков атындагы КМТУнун Энергетика институтунун Дж.Апышев атындагы Электр энергетикасы кафедрасынын профессору

Кыскача биографиялык маалымат

Туулган жылы жана жери: 1954-жылдын 1-декабры, Гүлчө айылы, Алай району, Кыргыз ССРи.

Билими

1978 – жылы Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) энергетика факультетин «Электр станциялары» адистиги боюнча бүтүргөн. 2002 – жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин (КТУ) аспирантурасын, ал эми 2014 – жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Автоматика жана маалымат технологиялары институтунда докторантураны аяктаган.

2006 – жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) «Вертикалдуу гидрогенераторлордун абалын көзөмөлдөө үчүн эксперттик системаны иштеп чыгуу» деген темада, 05.14.02 – «Электр станциялары жана электр энергетикалык системалары» адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон (илимий жетекчиси - т.и.к., КМТУнун профессору Джоомарт Асыранкулович Апышев). 

2009 – жылы «Энергетика» адистиги боюнча Доцент илимий наамы ыйгарылган.

1986 – жылы Ленинграддагы (Санкт-Петербург) «Энергетиктердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо» институтунун релелик коргоо жана автоматика курсун аяктаган.

Иш тажрыйбасы

1978 – 1981 – жылдары «Кыргызэнергоремонт» өндүрүштүк ремонттоо ишканасында жөндөп, ишке киргизүүчү инженер;

1981 – 1986 – жылдары Токтогул ГЭСинин электр техникалык лабораториясынын (ЭТЛ) инженери, улук инженери;

1986 – 1993 – жылдары Күрпсай ГЭСинин электр техникалык лабораториясынын (ЭТЛ) башчысы;

1993 – 1994 – жылдары Күрпсай ГЭСинин смена башчысы;

1994 – жылы Кара-Көл шаарындагы «Юпитер» фирмасынын директору;

2007 – 2022 – жылдары И. Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын деканы, андан кийин технологиялык институтунун 

директору;

2022 – 2024 – жылдары Кара-Көл шаарындагы«Юпитер Энерго» ЖЧКсынын генералдык директору;

2024 – жылдан баштап Бишкек шаарындагы «Солар Энержи» ЖЧКсынын генералдык директорунун орун басары, күн фотоэлектр станцияларын куруу боюнча долбоордун жетекчиси;

2024 – жылдан баштап И.Раззаков атындагы КМТУнун Дж.Апышев атындагы «Электр энергетикасы» кафедрасынын профессору. 

Катышып-аткарган иштеринин тизмеги

  • 1978 - 1980 – жылдары Кыргыз ССРи боюнча курулуп жаткан 35 кВ, 110 кВ, 220 кВ, 500 кВ чыңалуудагы электр көмөкчордондордун тармагын жана системасын монтаждоо жана жөндөп ишке киргизүү, ошондой эле Фрунзе шаарын суу менен жабдуу системасынын автоматикасын жана көзөмөлдөп-өлчөөчү түзмөктөрүн реконструкциялоо иштери;
  • 1980 – 1981 – жылдары курулуп жаткан Күрпсай ГЭСинин электр жабдууларын монтаждоо жана жөндөп ишке киргизүү иштери;
  • 1981 – 1986 – жылдары Токтогул ГЭСинин электр жабдыктарын, релелик коргоо жана автоматикасын, көзөмөлдөп-өлчөөчү түзмөктөрүн эксплуатациялоо, ошондой эле ГЭСтин генераторлорун жана трансформаторлорун жылуулукка сыноо иштери;
  • 1986 – 1995 – жылдары Күрпсай ГЭСинин электр жабдыктарын, релелик коргоо жана автоматикасын, көзөмөлдөп-өлчөөчү түзмөктөрүн эксплуатациялоо, ошондой эле ГЭСтин генераторлорун жана трансформаторлорун жылуулукка сыноо иштери;
  • 1995 – 2005 – жылдары Ош, Джалал-Абад, Нарын шаарларында жылытуу казандарын 6 - 10 кВ чыңалуудагы электр казандарына которууда жана аларга электр көмөкчордондорун долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана жөндөп ишке киргизүү иштери.

Илимий кызыкчылык чөйрөсү

Электр энергетикалык системалардын жабдууларын көзөмөлдөө жана диагностикалоо, калыптанма энергия булактары.

70 басылып чыккан илимий эмгектердин автору (авторлошу), анын ичинен: КМШнын жана Кыргызстандын мезгилдүү басылмаларында жарык көргөн 35тен ашык илимий макалалар жана докладдар; 3 ойлоп табууга алынган КР патенттери; Токтогул ГЭСтеринин Каскады боюнча 17 рационализатордук сунуш; 1 программалык продуктка автордук күбөлүк; 38 окуу-методикалык жана окуу куралдары (4 окуу китептери Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен).

Сыйлыктары

  • «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» Төш белгиси;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетикасынын отличниги – «Каарман» Төш белгиси;
  • И.Раззаков атындагы КМТУнун эмгек сиңирген ишмери.

Профили в наукометрических базах данных:


Телефон: +996 (312) 54-51-49

e-mail: niiazov54@mail.ru

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар