Жаңылыктар
Шанхай, КЭР – 2025-жылдын 19–25-октябрь күндөрү Кытайдын ири мегаполиси Шанхай шаарында 23-Кытай Эл аралык кадрлар алмашуу конференциясы (The 23rd Conference on International Exchange of Professionals, CIEP 2025) өткөрүлүп, таланттарды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык маселелерин талкуулоочу эң ири эл аралык аянтчага айланды.
«Дүйнө жүзүндөгү таланттарды бириктирүү — өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн» деген ураан алдында өткөн конференцияга дүйнөнүн 150 өлкөсүнөн 5 000ден ашуун катышуучу чогулду. Форумдун салтанаттуу ачылыш аземи 21-октябрда Shanghai World Expo Center көргөзмө борборунда болуп өттү.
Конференциянын ишине дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген алдыңкы окумуштуулар, изилдөөчүлөр, эл аралык уюмдардын, университеттердин жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышышты. Иш-чара инновациялар, билим берүү, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтык жаатындагы глобалдык тенденцияларды талкуулоочу маанилүү платформа болду.
Конференцияда Кыргыз Республикасын академик Джуматаев Мурат Садырбекович, академик Кожогулов Камчыбек Чонмурунович жана тышкы байланыштар боюнча проректор Сыдыков Жыргалбек Дүйшекеевич өкүлчүлүк кылышты.

