Биздин өнөктөштөр
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары — Министрлик) билим берүү жана илим тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.
АРБИКОН — Аймактык китепканалык консорциумдардын ассоциациясы, Россиянын китепканаларын жана маалыматтык борборлорун бириктирген уюм.
«Лань» басма үйү — жогорку окуу жайлар үчүн окуу адабияттарын чыгарууга адистешкен Санкт-Петербург шаарындагы компания.
Жаштарды өнүктүрүү институту — Кыргызстанда жаштар менен иштөө жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү багытында алдыңкы уюмдардын бири. Институттун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары — жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүү, жаштардын потенциалын жогорулатуу жана мамлекеттик, муниципалдык, эл аралык жана улуттук уюмдар менен кызматташтыкта кыргызстандык жаштардын муктаждыктарын жана талаптарын канааттандырууга көмөктөшүү.
«Сорос–Кыргызстан» фонду (ФСК) — эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд болуп, Кыргыз Республикасында ачык коомду куруу үчүн шарттарды түзүүгө умтулат. Ал коомдук институттарды өнүктүрүүнү жана коомдук жашоонун бардык тармактарындагы демилгелерди колдойт.
«Sky Mobile» ЖЧКсы (Beeline соода маркасы) — Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору. Бүгүнкү күндө компания GSM-900/1800, WCDMA/UMTS 2100 (3G) жана LTE 800 (4G) стандарттары боюнча уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтөт. Beeline абоненттерине пайдалуу жана ыңгайлуу кызматтарды гана эмес, жогорку сапаттагы байланыш, мыкты сервис жана инновациялык технологияларды да сунуштайт.
ЭБС «Университеттик онлайн китепкана» — электрондук мезгилдүү басылма жана бардык билим тармактары боюнча Россиянын алдыңкы басма үйлөрүнүн лицензияланган материалдарына онлайн жеткиликтүүлүктү уюштурууга арналган программалык комплекс. www.biblioclub.ru
ЭБС IPRbooks — заманбап маалыматтык технологияларды жана лицензияланган окуу адабияттарын бириктирген электрондук китепкана системасы. ЭБС 40 000ден ашык лицензияланган басылмаларды камтыган, тынымсыз жаңыланып туруучу база менен ар түрдүү дисциплиналар боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. www.iprbookshop.ru

