ИТКнын долбоорлору

2002–2004-жж. «Университеттик китепкананы модернизациялоо»
(Европалык TEMPUS биргелешкен долбоору). Бул долбоор КГТУнун китепканасын жаңылоого жана анын ишин заманбап программалык каражаттарга негизделген документтик башкарууга ылайык келген жаңы методикаларга шайкеш келтирүүгө жардам берди.

2006–2009-жж. «Кыргызстандын университеттик китепканаларынын ортосунда китепканалык маалымат ресурстарын алмашуу»
(КИРЛИБНЕТ). Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын илимий университеттик китепканаларынын ортосунда түзүмдөлгөн корпоративдик тармак аркылуу кызматташтык бекемделди. Кирлибнет веб-платформасы маалыматтык ресурстарды жайгаштыруу жана алмашуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

2006-ж. «АДАМДАР ЖАНА КИТЕПТЕР» — Борбордук Азия жана Чыгыш Европа боюнча Германиянын китепканалык демилгеси. Долбоордун алкагында немис тилиндеги адабияттар (көркөм адабият, маалымдамалар, илимий басылмалар), мезгилдүү басылмалар жана электрондук каражаттар сатылып алынган.

2014–2015-жж. «Ачык билим берүү ресурстары: Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн жаңы чындык» долбоору Сорос–Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. Долбоордун максаты — ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү, түзүү жана пайдалануу маселелери, ошондой эле алардын окуу-билим берүү жана илимий процесстеги артыкчылыктары менен кыйынчылыктары боюнча тренингдер циклин өткөрүү.

2015-ж. Samsung Smart School мультимедиялык кабинети (Samsung Electronics компаниясы). Университеттин китепканасы бекер негизде планшеттерди, ноутбуктарды жана мультимедиялык интерактивдүү экранды алды. Интерактивдүү визуалдык билим берүү ыкмаларын колдонуу окутуунун сапатын жогорулатып гана тим болбостон, студенттердин билим берүү процессине болгон кызыгуусун арттырат.

2017-ж. Co-WORKING CENTER — Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан биргелешкен долбоордун негизинде китепкананын абонемент бөлүмүндө заманбап физикалык жана интеллектуалдык чөйрө катары универсалдуу, ачык жана жеткиликтүү комфорт зонасы түзүлдү. Бул жерде студенттер жолугуп, маалымат алмашып, билимге жеткиликтүүлүк ала алышат.

2018-ж. Co-WORKING CENTER билим берүү долбоору — БИЛАЙН компаниясы тарабынан тузулгон. Коомдук жумушчу кабинет «тынч» жана коммуникациялык зоналардын айкалышынан туруп, заманбап технологиялык жабдуулар, ыңгайлуу эмеректер жана байланыш каражаттары менен камсыздалган. Бул мейкиндик студенттерге эркин жана көз карандысыз бойдон өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө шарт түзөт.

2015-ж. КГТУнун китепканасы «Ассоциацияланган Регионалдык Китепканалык Консорциум» (АРБИКОН) коммерциялык эмес өнөктөштүгүнүн мүчөсү болгон. Бул башка китепканалардын маалыматтык ресурсторуна жеткиликтүүлүк алууга, НТБнын электрондук каталогун алардын базасында жайгаштырууга, тесттик мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга жана маалымат базаларын сатып алууга шарт түздү.

КГТУнун НТБсы «Электрондук китепканалар ассоциациясынын» (АЭБ) координатору жана КИРЛИБНЕТ билим берүү порталынын администратору болуп саналат. КИРЛИБНЕТке Кыргызстандын 16 китепканасы мүчө. Сайтта 16 китепкананын электрондук каталогдору жана ачык архивдери жайгаштырылган. Ачык архивдер платформасында толук тексттүү окуу китептери, монографиялар, патенттик документтер, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын авторефераттары, ЖОЖдордун вестниктери, методикалык колдонмолор, ИИИ отчеттору жана интернет шилтемелеринин базасы камтылган. Аймактардагы жана Бишкек шаарындагы китепканаларга чоң методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлөт (АЭБ президенти — Джаманбаев М. Ж., аткаруучу директор — Мамутова Н. С.).

Декабрь айында КГТУнун И. Раззаков атындагы НТБсында Beeline КР компаниясы менен биргеликте «Coworking» билим берүү долбоору ишке ашырылды. Долбоордун максаты — студенттер жолугуп, баарлашып, маалымат алмаша алган жана билимге жеткиликтүү болгон универсалдуу, ачык жана коомдук мейкиндикти түзүү. Долбоордун алкагында КГТУнун НТБсына алдын ала бекитилген дизайн-проектке ылайык эмеректер, оргтехника, тармактык жабдуулар берилди, ошондой эле Beeline компаниясында КГТУнун студенттери үчүн конкурстук негизде стажировка өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар