«Тоо-кен машиналары жана электромеханика» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, профессор
Билими
Жогорку билим
- 1985–1992-жж. – Бишкек политехникалык институту, адистиги: Машина куруу технологиясы. Диплом №164313.
- 2012-ж. – Техника илимдеринин кандидаты. Адистиги: 05.05.06 – Тоо-кен машиналары.
Эмгек жолу
- 1993–1994-жж. – Кыргыз тоо-металлургия институтунун «Жалпы техникалык илимдер» кафедрасында лаборатория башчысы.
- 1994–1998-жж. – Кыргыз тоо-металлургия институтунун күндүзгү аспирантурасы.
- 1998–2012-жж. – Окутуучу жана улук окутуучу, Кыргыз тоо-металлургия институту.
- 2012–2013-жж. – У. Асаналиев атындагы Тоо иши жана тоо технологиялары институтунун «Тоо-кен электромеханикасы» кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу.
- 2012–2013-жж. – Ошол эле кафедранын доценти.
- 2013–2019-жж. – Илим, аспирантура, докторантура жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы.
- 2019-жылдан бери – академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин илим жана тышкы байланыштар боюнча проректору.
- 2014–2019-жж. – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана У. Асаналиев атындагы Тоо иши жана тоо технологиялары институтунун Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.
- 2019-жылдан бери – Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.
Сыйлыктары
- Кыргыз тоо-металлургия институтунун Ардак грамотасы – 2003-ж.
- У. Асаналиев атындагы Тоо иши жана тоо технологиялары институтунун Ардак грамотасы – 2011-ж.
- Кыргыз Республикасынын тоо-металлургия профсоюзунун Ардак грамоталары – 2014-ж., 2019-ж.
- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Ардак грамотасы – 2018-ж.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы – 2013-ж.
- «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси – 2016-ж.

