Эл аралык иш-чаралар
Эл аралык ишмердүүлүк
ТИнин жакын жана алыскы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары, билим берүү жана илимий борборлору менен (Венгрия, Латвия, Россия, Германия, Марокко, Швейцария, Түркия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан ж.б.) эл аралык байланыштары ийгиликтүү өнүгүүдө. Кызматташуунун форматтары: биргелешкен билим берүү программалары, стажировкалар, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, «Конок профессорлор» программасы, долбоорлор боюнча биргелешкен иштер, илимий изилдөөлөр, публикациялар ж.б.
КГТУ им. И. Раззаков менен Венгриянын Обуда университетинин ортосунда текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында магистрдик билим берүү программасын тармактык (сетевой) форматта ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган. шилтеме
Заманбап тенденциялар жана эл аралык тажрыйба:
Кыргыз Республикасындагы Бельгия Королдугунун Элчилигинин Соода-экономикалык бөлүмү / AWEX Almaty колдоосу менен Puratos Group компаниясынын «Taste Tomorrow – Эртеңки Даам» аттуу глобалдык масштабдагы изилдөөсүнүн негизги жыйынтыктары менен таанышуу максатында активдүү катышуу камсыздалууда. Бул изилдөө нан бышыруу, кондитердик жана шоколад өндүрүшүнүн дүйнөлүк өнүгүү багыттарын аныктайт.
Гранттар, эл аралык долбоорлор
Борбордук Азияда жыгач эмес токой продукциялары жана агролес чарбачылыгынын кошумча нарк чынжырларында продукцияларды, технологиялык процесстерди жана КОИни (кичи жана орто ишканалар) өнүктүрүү аркылуу жер ресурстарын туруктуу башкарууга көмөк көрсөтүү (SUFACHAIN). Германиянын Федералдык билим берүү жана илим министрлиги (BMBF), Грант № 01LZ2201B. 1,8 млн евро (15.11.2022–15.11.2025). Аткаруучулар: Сманалиева Ж.Н., Мусульманова М.М., Тынарбекова М.Т.
«Vocational training for economic growth sectors in Central Asia». GIZ, 25 494 евро. «Тамак-аш илими жана технологиялары» кафедрасынан катышуучулар: Элеманова Р.Ш., Мусульманова М.М.
№4-SDK-M Меморандум – «Cheber: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору менен кызматташтык тууралуу (Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Helvetas Swiss Intercooperation тарабынан ишке ашырылууда, 2025–2027-жж.).
«Хайнактын сары суусун мембраналык технологиялар менен кайра иштетип, өсүмдүк чийки заты менен айкалыштырып функционалдык азыктарды өндүрүү». GIZ, 600 миң сом. Катышуучулар: Элеманова Р.Ш., Мусульманова М.М.
«Кыргыз Республикасында азык-түлүк продуктыларынын курамы боюнча маалымат базасын түзүү» (AFACI – The Asian Food and Agriculture Cooperation Initiative долбоорунун алкагында). 2022–2024-жж., 90 000 $. Катышуучу: Джамакеева А.Дж.
GIZ долбооруна катышуу: «Жашыл тамак-аш технологиялары» (октябрь–декабрь 2024-ж.). КГТУ им. И. Раззаков менен келишим. Катышуучу: Мамбетова А.
PhD программасынын эл аралык таанылышы
2025-жылдын 14-мартында 741000 – «Азык-түлүк продуктыларынын технологиясы» багыты боюнча Конкубаева Н.У. философия илимдеринин доктору (PhD) даражасын алуу үчүн диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимий иш т.и.д., профессор Кулмырзаев А.А. жана чет өлкөлүк консультант Рута Галобурда жетекчилиги алдында аткарылган. Бул жетишкендик кафедранын дүйнөлүк илимий коомчулукка интеграцияланганын көрсөтөт.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Тармактык тамактануу институтунун колдоосу менен 2022-жылы КГТУ базасында ашпозчуларды жана ашкана кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Республикалык компетенциялар борбору түзүлгөн. Өзгөчө көңүл өлкөдөгү мектептик тамактануу маселелерине бурулат.
Швейцария Өкмөтүнүн грантынын негизинде (2020–2021-жж.) КГТУ им. И. Раззаковдо түзүлгөн жогорку технологиялык «Индустрия кадров» жеңил өнөр жай окуу борбору тармак үчүн жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоого жана кадрларды кайра даярдоого шарт түзөт (жооптуу аткаруучу – Рысбаева И.А.).
Дүйнөлүк банктын 1,5 млн долларлык грантынын негизинде КГТУ им. И. Раззаковдо Борбордук Азиядагы жалгыз Окуу-тажрыйбалык «Технолог» тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай борбору түзүлгөн. Бул кесиптик билим берүү системасындагы эң заманбап билим берүү мекемелеринин бири болуп саналат жана студенттерди окутууга, ошондой эле тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарынын адистеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган.
GIZдин «ТППП илимий багыты боюнча пилоттук PhD доктордук программасын иштеп чыгуу жана КГТУ базасында доктордук (изилдөө) мектепти түзүү» долбоору Германия, Казакстан, Өзбекстандагы кесиптештер менен биргеликте 2021–2026-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылууда (жооптуу аткаруучу – Мусульманова М.М.).
«Тамак-аш илими жана технологиялары» кафедрасынын доценти, т.и.д. Элеманова Р.Ш. жана улук окутуучу, PhD докторант Тынарбекова М.Т. 2024-жылы Литванын Каунас шаарында илимий стажировкадан ийгиликтүү өтүштү.

