Жаңылык

Эл аралык таанылуу: И. Раззаков атындагы КГТУнун студенттери КМШ өлкөлөрүнүн арасында мыктылар

Эл аралык таанылуу: И. Раззаков атындагы КГТУнун студенттери КМШ өлкөлөрүнүн арасында мыктылар

13-декабрда Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн мыкты студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү.

«КМШнын мыкты студенти» аттуу ардактуу наамга И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КГТУ) студенттери — Султаналиева Айдай жана Омушев Эльдар ээ болушту.

Лауреаттар И. Раззаков атындагы КГТУнун Технологиялык институтунун студенттери болуп, «Тамак-аш продукциясынын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу» багыты боюнча билим алышат.

Бул сыйлык студенттердин жогорку академиялык жетишкендиктерин, кесиптик даярдыгын, илимий активдүүлүгүн жана эл аралык билим берүү сынактарына ийгиликтүү катышуусун тааныган маанилүү жетишкендик болуп саналат.

Бул ийгилик И. Раззаков атындагы КГТУда адистерди даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн айкын далилдейт.

Студенттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди, кесиптик өсүүнү жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

Технологиялык институттун улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык "Үмүт үйү"мекемесине кайрымдуулук кылуусу.

2025-жылдын  апрель айынын башында Технологиялык институттун студенттери карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекеме болгон “Үмүт үйүнө” барышты.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер жана студенттер гигиеналык каражаттар менен жуучу каражаттарды алып барышты. Кыздар бөлмөлөрдү нымдуу тазалап, мекеменин жашоочуларына камкордугун жана жылуу мамилесин көрсөтүштү.

Карылар үйүнүн тургундары меймандарды кубаныч менен тосуп алып, көрсөтүлгөн жардамга жана көңүл бургандыктарына терең ыраазычылык билдиришти. Мындай жолугушуулар адамдарга боорукердикти, көңүл бурууну жана кайдыгер болбоону эскертип, чоң мааниге ээ экендигин көрсөтөт.

Биздин институт үчүн 2025-жыл сонун окуялар менен башталды!

КР УАКТА 1 доктордук жана 3 кандидаттык диссертациялар бекитилди! Элеманова Римма Шакировнаны доктордук диссертациясын бекитүүсү жана техника илимдеринин доктору илимий даражасын алуусу менен куттуктайбыз. Абакирова Элиза Майрамбековнаны кандидаттык диссертациясын бекитүү жана техника илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуусу менен куттуктайбыз. Диссертациялардын жетекчилери урматтуу профессорлорубуз Мусулманова Мукарама Мухамедовна менен Тамабаева Бибикуль Сулеевнаны чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бардыгыңыздарга илимге зор салым жана ишенимдүү күч, жаркын келечек жана бийик жеңиштерди, өчпөс оптимизмди каалайбыз! Жан дүйнөңүздө учкун өчпөсүн! Бардык идеяларыңыз ишке ашсын!

No news available.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар