Институттун коомдук жашоосу

Технология институттун тарбиялык иши университеттин тарбиялык жана маданий-массалык иш чараларынын комплекстуу планы менен макулдашылган, институттун иштелип чыккан кеңири иш планынын негизинде жүргүзүлөт. Шилтеме

         Технология институттун студенттери институттун, университеттин жана өлкөнүн маданий-массалык иш-чараларына активдүү жана уюшкандык менен катышып келишет. Институтта 17 студент-спортсмен билим алууда, алар университет ичинде өткөрүлгөн ар түрдүү мелдештерге активдүү катышышат. Алардын айрымдары КМТУнун жана Кыргызстандын курама командаларынын мүчөлөрү болуп, жогорку жыйынтыктарга жана ийгиликтерге жетишкен. Кээ бирлери Азиянын чемпиондору, Азия оюндары, Кыргыз Республикасынын Универсиадасы сыяктуу ар кандай деңгээлдеги мелдештердин бир нече жолку женүүчүлөрү жана байге ээлери болуп саналат. Алар КМТУнун гана эмес, Кыргызстандын спорттук аренасында да сыйлыктар казынасына салым кошуп келишет. Алардын катарында Байсалова Адель бар – ITF таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпиону.  Ал көптөгөн мелдештерде жеңишке жетишкен. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын чемпионатында жана биринчилигинде 1-орунду ээлеген. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда «Asian Bars Cup» аттуу ITF таэквондо боюнча өткөн эл аралык турнирде 2-орунду алган.

Студенттер университеттин, шаардын жана Республиканын бардык маданий-массалык жана кооомдук иш чараларына активдүү катышууда. Алар көркөм чыгармачылык сынактарында, фестивалдарда жана майрамдык концерттерде байгелүү орундарды ээлешти. Атап айтканда: «Студенттерге кабыл алуу» Гран-При (2024, 2025), жогорку окуу жайлар аралык «Ала-Тоо жазы» Гран-При, И.Раззаков атындагы КМТунун «START-UP» - 1 орун. Шилтеме

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар