Абитуриентке
Институтуттун иш-чаралары жана жашоосу тууралуу биздин социалдык тармактардан маалымат тапса болот
Даярдоо багыттар
720200 - Биотехнология
740100 - Өсүмдүктөрдөн жасалуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү
740200 - Жаныбарлардан жасалуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү
740300 - Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу
740700 - Жеңил өнөр жай буюмдарын конструкциялоо жана анын технологиясы
720100 - Химиялык технологиялар
ТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТТУН ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ
Эл аралык таануу: И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери КМШдагы эң мыкты деп табылды
13-декабрда Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эң мыкты студенттерин сыйлоо аземи өттү.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери Айдай Султаналиева жана Элдар Омушевге "КМШдагы эң мыкты студент" деген ардактуу сыйлык тапшырылды.
Лауреаттар И. Раззаков атындагы КМТУнун технологиялык институтунун "Продукция технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу" программасы боюнча окуган студенттери.
Бул сыйлыкты алуу студенттердин жогорку академиялык жетишкендиктерин, кесиптик даярдыктарын, изилдөө ишмердүүлүгүн жана эл аралык билим берүү мелдештерине ийгиликтүү катышуусун таануу болуп саналат.
Бул жетишкендик И. Раззаков атындагы КМТУдагы жогорку деңгээлдеги окутууну, ошондой эле анын бүтүрүүчүлөрүнүн эл аралык билим берүү аренасында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн ачык көрсөтүп турат.
Студенттерди куттуктайбыз жана аларга мындан ары да ийгиликтерди, кесиптик өсүштү жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ
БТ(б)-1-21 тобунун студенти Айтбаева Акылай 2024-2025 окуу жылында окуудагы, илимий, чыгармачыл жана коомдук иш-аракеттердеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн президенттик стипендияга ээ болду. А. Айтбаева ошондой эле КМТУнун стартап сынагында биринчи орунду ээлеп, 30 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
ССП(б)-1-20 тобунун студенти Айбекова Аделя Айбековнага 2023-2024 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуудагы, илимий, чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүктөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия ыйгарылды.
СТАЖИРОВКА ЖАНА ПРАКТИКА
2025-2026-окуу жылынын жазгы семестринде студенттер үчүн эл аралык академиялык мобилдүүлүк
Эл аралык инженердик жана технологиялык университетинин (ЭИТ, Алматы, Казакстан) экинчи курсунун студенттери 740100 "Өсүмдүктөрдөн жасалуучу азык-түлүктөрдөн технологиясы жана өндүрүшү" багыты Тамак-аш технологиясы профили боюнча академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу үчүн И. Раззаков атындагы КМТУнун Технология институтуна келишти. Программа 2026-жылдын 2-февралынан 8-февралына чейин жекеме-жеке өткөрүлүп, 2026-жылдын 9-февралынан 5-июнуна чейин аралыктан окутуу түрүндө уланат. Келген студенттер алгач институттун негизги имараты жана түзүмү менен тааныштырылды. Алар директор, координаторлор жана “Тамак-аш илими жана технологиялары” кафедрасынын окутуучулары менен жолугушту. Академиялык мобилдүүлүккө "Тамак-аш өндүрүшүнүн жалпы технологиясы 1" жана "Техникалык механика" дисциплиналары боюнча лекциялар, лабораториялык сабактар жана практикалык сабактар кирет.

